Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

ОЛИМПИАДА ОТУ ТУТАНДЫ. ТИБЕТКЕ АНЫН ЖАРЫГЫ ТИЕБИ?


Бүгүн Грецияда олимпиада оту тутандырылды. Ал августта Пекинге жеткирилет. Тибеттик айрым активисттери кытай өкмөтүнүн өкүлдөрүн «кандуу колу» менен байыркы Олимпиядан от алганы келип, демократиянын узак кылымдуу салтын кордоду деп билдиришти. Тибеттеги окуялар үчүн алар кытай бийликтерине кошо эл аралык Олимпиада комитетин да күнөөлөштү.

От тутантуу аземи байыркы Олимпияда өткөрүлдү. Аны Гера сарайынын башкы такыбасынын милдетин аткарган белгилүү артистка Мария Нафплиоту жандырып, шамананы атактуу спортчу Александрос Николадиске тапшырды. Олимпиянын отун спортчулар Грециянын бүт аймагын айлантып чыгышат,андан соң ушул айдын этегинде ал Кытайдын өкүлдөрүнө тапшырылат. Олимпиада оту колдон-колго өтүп, 140 миң чакырымдай жол басат. 130 күндүк бул коноо сапар Тибет аркылуу өтөт, отту орто жолдо Эверест чокусуна да алып чыгышат. 8-августта ал Пекинге жеткирилет.

От тутантуу учурунда бир нече киши салтанатка жолтоо болгонго аракеттеништи. Аларды “Студенттер эркин Тибет үчүн” деп аталган диссиденттик топтун мүчөлөрү дешти эле, бирок кийин териштире келгенде алар Парижде жайгашкан “Чекарасыз кабарчылар” уюмунун өкүлдөрү болуп чыгышты. Уюм таркаткан билдирүүдө: “Олимпия оту ыйык, адам укуктары андан да ыйык”,- деп айтылат.

Тибеттик диссиденттердин өкүлү Тензина Доржи да кытай бийликтери быйылкы жайкы оюндарга “кандуу колу” менен камынып жатканын айтып, өкмөт өкүлдөрүнүн от алганы Олимпияга келгенин эркиндиктин жана демократиянын көп кылымдуу байыркы салтын мазактоо катары баалады. Ал ошондой эле Тибеттеги окуялар үчүн күнөөнүн үлүшүн эл аралык Олимпиада комитетине жана анын президенти Жак Роггеге да жүктөдү.

Жак Рогге от тутантуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Тибетте болуп жаткан окуяларга камтамачылыгын билдирип,алар Олимпиаданын идеалдарына төп келбей турганын белгиледи. “Оюндарды зобун-зомбулук кырдаалында өткөрүүгө болбой турганын кытайлык досторго жана баарына такай айтып келатам”, - деди Рогге. Бирок ал быйылкы Олимпиаданы Кытайда өткөрүү чечими туура болгонун кайрадан бышыктап, муну эки жүйөө менен негиздеди.

Биринчиден, Кытайда адамзаттын бештен бири жашайт, аларды олимпиадалык кыймылдан оолак калтырган адилетсиздик болмок. Экинчиден, быйылкы оюндар Кытай үчүн чоң өзгөрүүлөргө жол ачат. Жайкы Олимпиадагы жалаң журналисттерден эле 25 миң өкүл келет.

Кытай бийликтери Тибетте калктын аламан аракеттери басылганын, коомдук турмуш кадимки нугуна түшкөнүн айтышууда. Алар мурдагыдай эле тополоң үчүн башкы жоопкерчиликти тибеттиктердин диний лидерине жүктөп, аны Олимпиадага кесирин тийгизгени жатат деп айыпташты. Далай-лама өз кезегинде бул айыптарды четке кагып, кытай бийликтери менен жолукканга даяр экенин кайрадан бышыктады.
XS
SM
MD
LG