Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

24-МАРТ: ЖАШТАРДЫН ҮНҮ


Касымалиева Аида, Бишкек “Азаттык+” сыналгы программасынын 24-марттагы чыгарылышы Ыңкылаптын үч жылдыгына арналды. Программага келген жаш саясатчылар, талдоочулар ыңкылаптын себептери, сабактары, 3 жыл ичиндеги өзгөрүүлөр тууралуу ой бөлүштү.

Ыңклаптын негизги себептери




Жыргалбек Касаболотов, “Зомбулукка жол бербеш үчүн эртелеп алдын алуу” долбоорунун талдоочусу:

“Себептери менен жөн эле кыймылга келтиргич күчтөрүн айырмалап алыш керек. Кыймылдаткыч күчтөрүнүн негизгиси – парламенттик шайлоо. Себептери – ага чейинки чечилбей келе жаткан социалдык-экономикалык, саясий маселелер. Ошол кездеги оппозицияга легалдуу түрдө бийликке келүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу. Ага чейин Акаев бир да жолу элдин астында “күзүндө мен кызматымды тапшырып берем” деп айткан эмес. Чет өлкөдөн айтылган, бирок элдин астында ачык айтылган эмес.”


Мирсулжан Намазалиев, “Эркин муун” либералдык альянсынын теңтөрагасы:


“Көчөгө чыккан адамдардын максаттарын дагы деле экиге бөлсөк болот. Ал учурдагы адамдар жашоодо болуп жаткан ар кандай проблемаларды көрүп, ошол эле жакырчылыкка каршы чыгышкан. Ыңкылапты уюштургандардын көпчүлүгү жаштар болушкан. Жаштар эркиндиктин, демократиянын принциптерин колдойбуз деп чыгышкан. Себеби дегенде Аскар Акаев үч мөөнөт бою башкарып, анын кете турган түрү жок эле. Аны үйбүлөлүк системасы абдан өнүгуп бараткан. Биз сөзсүз турдө өзүбүздүн каршы сөзүбүздү айтыш керек болчубуз.”

Ыңкылаптан кийинкисин ойлонгон эмеспиз.....


Нурила Батыралиева, “Бирге” кыймылынын мурдагы мүчөсү, журналист:


“Бирге” кыймылынын мүчөлөрү алдында бир гана максат бар болчу – авторитардык режимди кулатуу. Андан аркысын ойлогон эмеспиз. Менин оюмча кийинки пландарды оппозициянын лидерлери, белдүү саясатчылар ойлонушу керек болчу.”


Гүлшайыр Абдурасулова, “Жебе” жаштар кыймылынын мүчөсү, жаш саясатчы:


“Ал окуяларда жаштар абдан чоң рол ойношту. “Келкелдин” мурунку мүчөсү катары айтайын дегеним, “Келкел” парламенттик шайлоолордон кийин түзүлгөн эле. Анын алдында парламенттик шайлоого биздин дипломаттар катыша албай калышкан, алардын ордуна Акаевдин эки баласы катышышкан. Жаштардын бирок бир талабы болгон. Шайлоо учурунда жарандардын тандоо укугун бузбагыла деген. Экинчи талап Аксы трагедиясынын күнөөлүүлөрүн табуу болчу.”



Жыргалбек Касаболотов, “Зомбулукка жол бербеш үчүн эртелеп алдын алуу” долбоорунун талдоочусу:

“Негизи элди алып чыккан лидерлердин ар кандай кызыкчылыктары болгон. Кээ бирлери саясий системанын өзгөрүшү үчүн келишсе, кээ бирлери болгону бийликти алмаштыруу үчүн келишкен. Себеби ал бийлик алмашмайынча алдыга карай жылыш да болбойт, оюндун эрежелери да өзгөрбөйт деген маанайда турушкан. Бирок алардын айрымдарында ошондон бери “профессионал революционер” деген бир кесип пайда болуп калды. “

Ыңкылап болдубу же жөн эле бийлик алмаштыбы?


Айбек Саипов, жаш саясатчы, студент:

“Биринчиден ыңкылап деп ийне-жибине чейин болгон өзгөрүүнү айтсак болот. Бул нерсе бизде болгон жок. Экинчиден, бул жерде система алмашыш керек эле. Бийликтин башында турган адамдар гана алмашты. Туура, бир аз реформа жасалды. Ал “реформалардын” жыйынтыгы азыр элдер көрүп жатышат: күндө жеп жаткан нандын, жашап жаткан үйүнүн баасы азыр кандай деңгээлге жетип калды?”


Нурила Батыралиева, “Бирге” кыймылынын мурдагы мүчөсү, журналист:

“Ыңкsлап болгон жок. Ыңкsлаптай болуп башталып, бирок эч кандай жыйынтык бербей калды. Бул жөн эле төңкөрүш. Бир адамды экинчи адамга гана алмаштыруу.”



Рустам Юсупов, “Ак Жол” партиясынын жаш канатынын лидери:

“Мен Нуриланын айткандарына каршымын. 15 жыл бою топтолгон кризистен 3 жыл ичинде чыгып кетүү кыйын. Бааны өсүшү дүйнөлүк аренада байкалууда. Бийлик буга кунөөлүү эмес.”


Жыргалбек Касаболотов, “Зомбулукка жол бербеш үчүн эртелеп алдын алуу” долбоорунун талдоочусу:

“3 жыл мурун 24-март күнү бийлик алмашты. Баягы эки башка пикирди чабыштыра келип, ортосунан бир чындыкты издесек, бири бирине карама-каршы келбеген нерсе ушул болуп чыгат. Балким Акаев качып кетпегенде же башка чечим кабыл алганда, ал күнү кандай окуялар болуп кетээрин азыр айтыш кыйын. 24-март эмнени көрсөттү? Бийликтин кайсы бир адамдарына каршы чыгып, алар бийликтен кетип калышса, кантип зомбулуксуз кийинки бийликти жана кийинки системаны орноштурганга даярдык жок экенин көрсөттү. Эгерде ыңкылап ийне-жибине чейин пландаштырылган болсо, 24 марттан 25 мартка оогон түндөгү талоончулук, жер-жерлердеги бийлик бөлүштүрүүдөгү чыр-чатактар алда канча оңой өтмөк же болмок эмес.”



Гүлшайыр Абдурасулова, “Жебе” жаштар кыймылынын мүчөсү, жаш саясатчы:

“Биздин лидерлерибиз ыңкылапты аягына чейин чыгара алышкан жок. Курманбек Бакиев инаугурация учурунда чоң-чоң убадаларды берген. Эмнегедир кийинчерээк саясатта талаш-тартыш башталып, саясатчылар соодагерлерге айланышты. Чоң реформалар жүрдү дегени менен, алардын баары соодалашуунун негизинде жасалды.”


Мирсулжан Намазалиев, “Эркин муун” либералдык альянсынын теңтөрагасы:

“Ыңкылаптын жыйынтыктарын чыгарууга али эрте. Бизге эң керек эле нерселердин бири – коомдук аң-сезимдин өзгөрүүсү. Кыргыз эли президентке карата мамилесин өзгөрттү. Президент – ажо же хан эмес, ал квартирант. Жакшы иштебесе, кетиши керек. Эл ушуну түшүндү. Мени ушул сүйүнтөт.”


Рустам Юсупов, “Ак Жол” партиясынын жаш канатынын лидери:


“Ыңкылаптан кийин 2 жыл бою көбүрөөк саясий оюндар жүрдү. Бирок акыркы жарым жыл ичинде экономикада чоң жылыштар болду. Шайлоолордун пропорционалдык система менен өтүшү, парламентке аялдардын, жаштардын жана башка улуттардын келиши чоң жеңиш. Камбарата ГЭСтери курулууда, мектептерде тамактар бериле баштады.”


Айбек Саипов, жаш саясатчы, студент:

Шайлоо таза өткөн жок. Жакыныкы арада электр энергиясы сатылганы жатат. Биз негизги байлыгыбызды жоготобуз. Ысыккөлдүн тегерегиндеги жепрлер сатылганы жатат. Негизи мамлекетте бир багыт, идеология жок.


Акаев – шахматист, Бакиев – боксер

Жыргалбек Касаболотов, “Зомбулукка жол бербеш үчүн эртелеп алдын алуу” долбоорунун талдоочусу:

“Азыркы бийлик мурунку бийликке салыштырмалуу өзүнүн оппоненттеринин ичинен тандап алып, өзү тарапка тартып кеткенге жакшы үйрөндү. Мурун ошол эле митингдерде айрым адамдар “бийликтин шакалдыгын” сындашып, бир нече убакыттан кийин чоң-чоң кызматтарга келип калышты.

Экичиден, Акаведин учурунда кандайдыр бир жымсалдоо, мыйзам жүзүнө салуу аракети бар болчу. Азыр андай нерселерге көңүл бурулбайт. Көп учурда окулярдын фактылык жагы менен юридикалык жагы бири-бирине абдан карама-каршы келет.”


Рустам Юсупов, “Ак Жол” партиясынын жаш канатынын лидери:

“Акаевден айырмаланып, Бакиев экономикага басым жасоодо.”

Гүлшайыр Абдурасулова, “Жебе” жаштар кыймылынын мүчөсү, жаш саясатчы:

“Акаев шахматист эле, Бакиев - боксер. Акаев падышанын алдындагы майдаларды жок кылып туруп, анан падышанын башын жечү, Бакиев дароо эле нокаутка чыгарат.”

Негизги сабактар


Нурлан Сазыков, студент:

“Саясатты саясий аренада жасасак. Анан дагы 24-марттан кийин трайбализм ушунчалык күчөдү.”

Айбек Саипов, жаш саясатчы, студент:

Биз негизи качан оңолобуз? Мекенге сүйүү болмойунча, эчтеке өзгөрбөйт. Макул азыркы бийлик кетип, оппозиция келсин. Эгреде оппозициянын жа жүрөгу таза болбосо, каталдар кайталана берет.



Алмаз Каримов, “Ак Жол” партиясына депутат:


“Ар бир эле ыңкылаптан кийин хаос болот. Бийлик аны колго алды. Проблемалар чечилип жатат. Оппозициядан мен конструктивдүү сунуштарды көрө элекмин. Өзүнүн жеке таарынычтарын, саясатка айландырып жиберип жатышат.”



Жыргалбек Касаболотов, “Зомбулукка жол бербеш үчүн эртелеп алдын алуу” долбоорунун талдоочусу:

“Башык сабагы – жалпы жарандык коомдун көйгөйлөрү чечилбесе эмнеге алып келээрин көрсөттү. Экинчиден, андай иштерге даярдыгы жок баруу эмнеге алып келээрин көрсөттү. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын шартында бейформал жана формалдуу лидерлердин ортосундай эч кандай айырма жок экени көрүндү.”
XS
SM
MD
LG