Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

ЮСУФ РЕЗА ГИЛАНИ – ПАКИСТАНДЫН ЖАҢЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ


Пакистан парламенти кечээ Юсуф Реза Гиланини премьер-министрликке шайлады. Кызматка дайындалар замат Гилани былтыркы чукул абал маалында үй камагына алынган судьялардын баарын азат кылууга көрсөтмө берди. Байкоочулар муну жаңы премьер менен президент Мушарраф ортосундагы тирештин башталышына жоруп жатышат.

Юсуф Реза Гилани мурда маркум Беназир Бхуттонун жардамчысы болгон. Өкмөт башчылыгына анын талапкерлигин Пакистан элдик партиясы өткөн ишемби күнү көрсөткөн, бул чечимди андан соң экс-премьер Наваз Шарифтин партиясы колдогон. Элдик партиянын орунбасар төрагасы катары Юсуф Гилани улуттук ассамблеяда – парламенттин төмөнкү палатасында - көпчүлүктүн колдоосуна жетишерин эксперттер күн мурунтан эле айтышкан болчу.

Гилани кечээ парламентте 264 добуш алды, анын атаандашы – президент Мушаррафты колдогон партиянын талапкери Шодри Первез Элахини болгону 42 депутат колдоду.

Гилани парламентте премьерлик кызматка бекитилер замат ноябрдан бери үй камагында отурган он бир судьяны жана үч адвокатты тезинен азат кылууга көрсөтмө берди. Алардын баары президент Мушаррафтын буйругу менен ушундай жазага тартылган. Ноябрда Жогорку сот мүчөлөрү Мушаррафтын президенттик шайлоодогу жеңишин тастыктоодон баш тартышкан. Ар кайсы жерде каршылык билдирген аламан жыйындар чыгып, абал кескин курчуп кеткенде Мушарраф конституциянын күчүн токтоткон, жалпы өлкөгө чукул кырдаал киргизилген. Жогорку соттун судьялары алмаштырылып, алар Мушаррафтын кайрадан президенттикке шайланганын мыйзамдуу деп табышкан.

Айрым маалыматтарда жаңы премьер Гилани өкмөттүн атынан Улуттар Уюмуна атайын кат камдап, маркум Беназир Бхуттонун өлүмүн эл аралык деңгээлде териштирип чыгууну өтүнгөнү жатканы айтылат.

Гилани парламентте бүгүн ант берет, андан соң курама өкмөт түзөт. “Коалициялык кабинетке кимдер кирерин бардык саясий партиялар менен кеңешип, анан аныктайбыз”, - деп айткан эле Гилани жекшемби күнү.

Жаңы премьерди байкоочулар Мушаррафтын келишкис саясий оппоненти катары сыпатташууда. Парламентте ал Пакистан элдик партиясы менен Наваз Шарифтин мусулман лигасынын кепилдүү 146 добушуна таянат. Мындан тышкары майда-барат чачыранды фракциялардын, көз карандысыз депутаттардын колдоосуна жетишсе, анда алар биригип Мушаррафка каршы импичмент ишин башташы мүмкүн дешет.

Жекшемби күнү Мушарраф жаңы өкмөт коомдогу саясий тынчтыкты сактап каларына, өлкөнүн социалдык-экономикалык ыкчам өнүгүшүнө өбөлгө болоруна, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшөрүнө үмүт билдирип, өз кезегинде мамлекет башчысы катары коалициялык кабинетке толук колдоо көрсөтөрүнө ишендирди.

XS
SM
MD
LG