Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

13:10 Ф.Кулов: “Кыргыз өкмөтү кырдаалга баа бербей жатат”


“Ар намыс” партиясынын төрагасы, экс-премьер министр Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда Кыргызстан экономикалык кыйын кырдаалга туш келди деп билдирди. Анын айтымында, өкмөт кырдаалга жеткиликтүү баа бербей, кризистен чыгуу жолун аныктоого умтулган жери жок. Ушундан улам ал энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы экендигин билдирүү менен кырдаалдан чыгуу үчүн бийлик чынчыл болуп, өлкөдө кошумча жылуулук станцияларын куруу керектигин белгиледи. Ал өзү өкмөт башчы кезинде кол койгон токтом ишке ашып, Каракечеде кубаты 1200 мегаватттык кондициялык электр станциясы курулса электр энергиясына муктаждык азаят жана аны курууга Өзбекстан менен Казакстандан инвестиция тартса болот. Кулов андан тышкары саясий абалга токтолуп, өткөн жылдагы референдум менен парламенттик шайлоо легитимсиз экендигин билдирди. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG