Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

15:10 “Акыйкат үчүн” кыймылы өлкө коопсуздугуна кабатыр


“Акыйкат үчүн” кыймылынын бүгүн координациялык кеңешинин жыйыны болуп, анда өлкөдөгү саясий-экономикалык абал талкууланды. Координациялык кеңештин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун маалыматына караганда, жыйында Кыргызстан азык-түлүк кризисине туш келгени белгиленип, андан чыгуу жолдорун Коомдук парламентте кароо чечими кабыл алынды. Андан тышкары президент тууралуу берилип жаткан расмий маалыматтарга коомдо ишенич жоктугу жана ушактарды оппозиция эмес президенттин айланасында, бийликте турган адамдардын өздөрү таратууга кызыкдар экендиги баса белгиленди. Президенттин саламаттыгы тууралуу экс-премьер министр Алмаз Атамбаев берген интервью деле ишеним жаратпай, күмөн саноону күчөттү,- деп билдирди Аликбек Жекшенкулов. Кыймылдын жетекчилери бул ойлорун 26-мартта маалымат жыйынында жалпыга жарыя кылмакчы. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG