Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

КОКОН ХАНДАРЫНЫН ТАРЖЫМАЛЫ


Кокон хандыгынын тарыхы боюнча китебин чыгарган Зиябидин Максым атындагы коомдук фонддун төрагасы Мухтарбек Бостонбаев "Азаттык" менен маектешет.

- Сиздин китепке негиз болуп берген Фергана хандарынын тарыхы китеби тууралуу айтып кетсеңиз?

- Кокон хандыгында кызмат кылган биздин бабаларыбыз болгон Зиябидин Максым деген. 60-жылдан 75-жылга чейин Кокон хандыгы таркаганга чейин ошол жерде кызмат кылып, анан Кокон хандыгынын тарыхын жазган. Тилекке каршы, ал китепке кадырына жектпей хандык таркагандан кийин Түркиядан келген Абдырехим эфенди деген окумуштууга берип жиберген экен китепти. Ал китеп белгисиз бойдон, анын дарегин эч ким билбейт.

Стамбул университетинде 100 жылдан ашуун жатып, анан жакында 1992-жылы Анвар Мокеев деген барып, кол жазмалардын үстүндө иштеп атып ошол китепти тапкан. Бул китепти жоготуп жүргөн элек. Менин атам айткан эле Кокон хандыгында кызмат кылган, китеп жазган, андан кийин Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан биздин бабабыз Зиябидин Максым. Ошонун китеби жок деп жүрдү эле, кийин кокустан табылды дагы, ошол китепти чыгардык. Ал чагатай тилинде жазылган.

- Китептин өзүндө эмне жөнүндө баяндалат, Кыргызстандын, кыргыз элинин тарыхына байланыштуу саясий маанилүү учурлар барбы?

- Албетте бар. Кокон хандыгы 1607 жыл жашаса, дээрлик ошол мезгилдин бардыгын кыргыздар башкарган. Кокон хандыгы бул орток хандык болгон, өзбектики дагы, тажиктиги дагы, кыргыздыкы дагы. Ошондуктан 1750-жылдан Кокон хандыгы таркаганга чейинки мезгилдеги болгон окуяны жазган. Бул киши өзү кыргыз болгон.

- Демек Кудаярхандын тушундагы кырдаал сүрөттөлгөн болуш керек?

- Албетте, Кудаярхандын, анын аталарынын мезгилиндеги болгон окуялар сүрөттөлгөн.

- Айрым саясатчылар акыркы убактарда Кыргызстанды башкарууну уруучулук система менен жүргүзүү керек деп ачык эле айтып атышат. Ушуга карата сиздин тарыхчы адам катары пикириңиз кандай?

-Эгерде биз урууга бөлүнсөк, уруу боюнча парламент түзгөн болсок анда кыргыз өлдү деген эле сөз, же болбосо кыргыз мамлекети жоюлду деген эле сөз. Билебиз да уруу урууга бөлүнгөндөн кийин эч убакта кыргыз бирикпейт. Кыргыздын шору ошол. Мына ушундай маселени Дастан Сарыгулов, дагы анча-мында оппозициядагы адамдар көтөрүп атат. Бул болбойт. Биз кайрадан уруучулукту токтотуп туруп, түштүк, түндүк болбой, оң, сол, ичкилик болбой биригип бир кыргыз дешибиз керек дагы, алдыга карай жылышыбыз керек. Уруулук мисалы үчүн кокту-колотко, сай-сайга, региондорго, айыл-айылга бөлүнгөн болсок ынтымагыбыз, ооматыбыз кетип кыргыз жок болот. Ошондуктан бул маселени көтөргөндөр эң туура эмес кылган. Мен буга каршымын. Бул Бакиевге карата эле чыгарылган нерсе болуш керек.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG