Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:42

“Кыргызфильм” киностудиясы мамлекеттен бөлүнө турган акчанын эсебинен “Курманжан Датка” жана "Сынган кылыч" аттуу көркөм тасмаларды тартууну көздөөдө. Бул туурасында Улуттук “Кыргызкино” концеринин вице-президенти Абибила Пазылов билдирди.

Жакын арада көрармандарга кинорежиссер Темир Бирназаров тарткан “Белгисиз багыт” аттуу көркөм тасма сунушталат. Драмедия жанрындагы бул фильмде күнүмдүк жашоо чагылдырылат. Ал эми фильмдеги окуя башынан аягына чейин бир автобустун ичинде эле өтөт. Тактап айтканда айылдан чыккан автобус, бара турган багытынан адашып, жол издеп, бир барган жерине эки-үч ирет барганы, анын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири-бири менен уруш-талашы, келишпестиктери көрсөтүлөт. Фильмди тартуу үчүн өкмөттөн атайын каражат бөлүнгөн.

Мындан сырткары “Кыргызфильм” киностудиясы мамлекеттен бөлүнө турган акчанын эсебинен “Курманжан Датка” аттуу көркөм тасма тартууну көздөөдө. Улуттук “Кыргызкино” концеринин вице-президенти Абибила Пазылов кабарлагандай фильмдин сценарийи жазылып баштады.
Мындан сырткары Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романын экрандаштыруу жагы ойлонулуп жатат. Ошондой эле концерндин тематикалык пландары боюнча беш-алты сценарий кабыл алынган. Анын ичинде Болот Шамшиев, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров жана башка режиссерлордун көркөм фильмдерге жазган сценарийлери бар.

Соңку убакта ырчы-обончулар да өз алдынча фильмдерди тартып башташты. Атай кетсек детектив жанрындагы “Шайтан араба” аттуу көркөм тасмасын сунуштаган “Кылым муза” продюсердик борбору апрель айында жетим кыздардын турмушун чагылдырган “Мери” аттуу тасмасын кино күйөрмандарынын сынына коймокчу. Ошондой эле бул чыгармачылык борбордун кыргыз-элинин каада-салттарын чагылдырган даректүү тасмаларды тартууну ниети бар.

Ал эми ырчы-чоорчулардын катышуусундагы “Кайып булак” деген тасманын режиссеру Рысбек Жабиров учурда “Достор” аттуу фильмдин үстүндө иштеп атканын билдирди.

-Бул фильмде ата-энеси жок, балдар үйүндө тарбияланган балдардын турмушу чагылдырылат. Башкы ролду ырчы Султан Садыралиев ойнойт. Андан башка дагы бир катар ырчылар жана професионал актерлор бар.

Жаш кинорежиссерлордун тогуз айлык курсун аяктаган киноишмерлер бул жумада “Кино үйүндө” жаңы тарткан даректүү тасмаларын көрүүчүлөрдүн сынына коюшат. Алардын катарында Айбек Дайырбеков, Марат Эргешов, Наргиза Маматкулова жана башка жаш кинорежиссерлор бар.

-Бул иш-чараны кийинки өсүп келе жаткан жаш режиссерлордун дараметин көрүп, кыргыз киносунун келечегин аныктоо максатында уюштуруп жатабыз- деп билдирди белгилүү киноишмер Гүлбара Төлөмүшова.

Бул иш-чара менен катар кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров жаш кинорежиссерлорго устаттык сабактарды өтөөрү күтүлүүдө. Кыргыз кино тармагындагы көрүнүктүү окуя бул “Экинчи эл аралык Ысыккөл” кинофестивалы. Кинофестиваль август айына белгиленүүдө. Ага карата учурда даярдыктар көрүлүүдө. Бул жолку фестивалда кыска метраждуу көркөм тасмалар жана мультфильмдер да көрсөтүлөт.

Алгачкы фестивалда 12 өлкөнүн тасмасы көрсөтүлсө, бул жолу 20 мамлекет фильмдерин сунуштайт. Ошондой эле конкурстук негизде көрсөтүлчү тасмалардын саны көбөйөт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG