Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

БАСРАДА УРУШ ТУТАНДЫ


Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында уруштар жүрүп жатат.Өкмөттүк аскерлер “Мехдинин армиясы” аталган топко каршы атайын операция башташканын жергиликтүү бийликтер ырасташты. Айыгышкан атыштар шаардын бир нече аймагына жайылды. Кагылышта окко учкандар,жарадар болгондор бар.

Өкмөттүк армиянын операциясына Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики жеке өзү башкөз болууда. Басрага ал кечээ келген эле. Шаардагы жагдай менен таанышып чыккан соң өкмөт Басрада коомдук тартипти калыбына келтирүүнү чечкенин айткан болчу.

Бүгүн таң эрте өкмөт аскерлери шаардын Аль-Тамия районуна басып кирди. Бул районду аскерилер шейиттердин радикал имамы Моктада ас-Садрга баш ийген “Мехдинин армиясы” өзүнүн башкы чебине айлантып алган деп эсептешет.

Уруштар тез эле айыгышкан мүнөзгө өтүп, атышуулар бир нече районго жайылды. Эки тараптын позициялары тең минометтон аткыланды. Азырынча төрт киши окко учканы, ондогону жарадар болгону гана айтылат, ал эми жайкын калк арасында чыгымдар бар же жок экени белгисиз.

Имам Моктада ас-Садрдын штабындагылар Ирак бийликтери менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдиришти. Алардын сунушун өкмөт тарап кабыл алган-албаганы да белгисиз. Былтыр августта “Мехдинин армиясы” өкмөт менен жоолашпай турганын ырастап, жарашуу келишимине кол койгон жана быйыл февралда эле анын мөөнөтүн дагы жарым жылга узарткан. Имам Моктада “Мехдинин армиясы” шейиттердин касташкан башка топторуна,америкалык аскерлерге да кол салбайт деп ишендирген. Былтыр күздөн тартып Иракта кооп-козголоң кыйла басаңдап, кырдаалдын кылоосу бир топ мокой түшкөн. Америкалык командачылыктын өкүлдөрү бул кадамдын жалпы жагдайга тийгизген шарапатын коомчулук алдында бир нече ирет моюнга алып, оң мааниде баалашкан.

Бирок жакында ирак бийликтери имам ас-Садрдын бир нече тарапкерин кармап, камагандан кийин кырдаал кайрадан курчуп кетти. Имамдын жүздөгөн жааткерлери Багдадда бүгүн да кайрадан көчөлөргө чыгып,аламандаган нааразылык жүрүштөрүн өткөрүштү.

Америкалык командачылыктын өкүлдөрүнө шилтеме берип, The Associated Press Басрада бүгүн башталган операция жалпы эле Моктада ас-Садрдын күчтөрүнө эмес, алардын арасындагы иранчыл топторго каршы өткөрүлүп жатканын кабарлады. Өткөн жекшембиде Багдаддын “жашыл зонасын” минометтон аткылаган күчтөрдү америкалык аскерлердин колбашчысы генерал Дэвид Петреус Ирандын тукуругун аткарып жаткандар деп сыпаттаган эле.

XS
SM
MD
LG