Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

ОРУСИЯ ГРУЗИЯ МЕНЕН ДОСТОШОБУ ЖЕ КАСТАШАБЫ?


НАТОнун самити алдында Орусиядан Грузияга бир-бирине шайкеш келбеген ишараттар болууда. Москва Тбилисиге каршы киргизген санкциялардын айрымдарын күчүнөн кетирип, ошол эле убакта Грузиянын НАТОго кирүү ниетине байланыштуу сестентүүчү кадамдарын улантууда.

НАТОнун келерки аптада Бухарестте өтө турган самитинде Украина менен Грузия НАТО менен Мүчөлүк аракет планы кабыл алынат деп үмүттөнүшүүдө. Аны утурлай Орусиянын жаңы шайланган президенти Дмитрий Медведев "бул эки өлкөнүн Батыш алянсына кошулушу Европадагы коопсуздукка коркунуч келтирет" деп эсекертти.

Британиялык "Файнэншиэл Таймс" гезитине берген маегинде Медведев Тбилиси менен Киевдин НАТОго жакындоо аракетине Москва маңдайы жарылып кубанып жатпагандыгын белиледи. "Бир да өлкө өзү мүчө болбогон аскердик биримдиктин өз чек арасына жакын келишин каалабайт" деп айтты ал.

Бирок Медведевдин бул маеги жарыяланган күнү Москва Орусия менен Грузиянын ортосундагы аба каттамын кайра ачты. Бул каттамдар 2006-жылдын күзүндө Орусия киргизген санкциялардын чегинде токтотулган эле. Ал кезде эки өлкөнүн мамилеси кечкин начарлап кеткен.

Арчил Гегешидзе Грузиядагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр корунун аналитиги. Анын айтымында, Орусия бир жагынан коркутуп, ошол эле мезгилде алдаштырган ыкманы колдонуп жатат:

- Бир жагынан каардуу сүйлөп, сестентип, ошол эле мезгилде экономикалык сакнцияларды жумшартуу эбактан белгилүү болгон "камчы менен токоч" ыкмасы болуп саналат. Ал аркылуу Орусия Грузиянын үстүнөн көзөмөлүн сактап калып, аны узартууга аракеттенүүдө. Мындай саясат Грузиянын Орусиядан көз карандылыгын гана күч алдырат.

Украина менен Грузиянын НАТОго кирүү далалатын Кошмо Штаттары колдойт, бирок Германия менен Франция сыяктуу башка өлкөлөр буга анчейин көңүлдөнбөйт.

Медведевдин соңку комментарийи НАТОнун кеңейишин болтурбоо жаатындагы Орусиянын кийинки кездеги бир гана аракети.

Жума күнү Орусиянын Мамдумасы эгер Грузия НАТОго кошулса, андан өз алдынчалык жарыялаган Абхазия менен Түштүк Осетияны таанууга чакырган резолюция кабыл алды.

Гегешидзе бул кадамды "Грузияны Батыш кабыл албасын" деген коркутуу деп эсептейт:

– Орусия жең астынан Грузияга каршы душманчыл саясатын улантып жатат. Грузияны НАТОго жолотпош үчүн, Москва коркутуп-үркүтүү менен катар, айрым чечимдер аркылуу бул жараянды жайлатуунун далалатын кылууда. Максаты Грузияны сестентүү, Батышты чочулатуу.

Мындан бир жарым жыл мурда Грузияда тыңчылар деп шектелген орус офицерлери Тбилиси тарабынан депортациялангандан кийин Москва Грузия менен аба каттамдарын токтотуп, Грузиядан келүүчү товарлардын басымдуу бөлүгүнө тыю салган. Бирок байкоочулардын көбү бул тирешүүнүн тамыры андан алда-канча терең экендигин, ал Грузиянын Орусиянын таасир чөйрөсүнөн суурулуп чыгып, Батыштык структураларга кошулуу далалатына байланыштуу деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG