Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Кийинки жылдары 100 миңден ашуун кыргызстандыктар Орусия жарандыгын алышкан. Жыл санап жер которгондордун саны арбыгандан арбып баратат. Бул маалыматтар Бишкекте өткөн тышкы эмгек миграциясынын маселелерине арналган “тегерек үстөл” жыйынында айтылды.

Кыргызстандын калкты ишке жайгаштыру жана миграция мамлекеттик комитети 2006-жылы миллион ашуун үй-бүлөнү кыдырып, иштеп аткандар менен жумушсуздардын санын аныктап чыгышкан. Сурамжылоонун жыйынтыгында 187 миң адам чет жерде иштеп жүрүшкөнү, иликтөөгө алынгандардын 16,8% жумушсуз отурушканы белгилүү болгон. Андан да ойлонто турган жагдай, 100 миңден ашуун мекендештерибиздин Орусия жарандыгын алып, биротоло жер которуп кетишкени.

- Бул сандар бизди бейпайга салууда. Бушайман кылганы алардын башка өлкө жарандыгын алгандыгы эле эмес, көчүп кетип жаткандардын токтолбой жатышы болууда. Кийинки эки жылда келгендер менен кеткендердин саны турукташып калды, бирок ошол эле мезгилде эмгекке жарамдуу калктын сыртка кетиши токтолбой жатат. Биз азыр сыртка агылган миграция толкунун токтотуунун аргасын табалбай отурабыз,- деп айтты Кыргызстандын калкты ишке жайгаштыруу жана миграция мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова.

Эңгезер Орусиянын 89 аймагынын кыйла жеринде кыргыздар иштеп жатканы ушу азыр эч кимге жаңылык деле эмес. Өткөн жылы Орусиянын Свердлов облусундагы сырттан келген мигранттардын 1,4% кыргызстандыктар болсо, быйыл ал көрсөткүч 13% чыккан. 3100 адам Орусия жарандыгын алган. Анткен менен көпчүлүк мигранттар орус мыйзамынын эреже-тартибин билбегендиктин азабын арбын тартышат, дейт Орусиядагы Урал миграция агенттигинин координатору София Серкина.

- Мыйзамды билбей эле бизге келип алгандарды милиция кармайт. Алар жөн эле кое бербей биртоп убара чектиртет.

Кыргызстандык “Аппликат” жоопкерчилиги чектүү коомдун жетекчиси Турар Асанов чет жерге иштегени кетип жаткандардын социалдык проблемалары ушу кезге чейин чечилбей келатканын белгиледи.

- Камсыздоо боюнча жеке компаниялары менен жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, эмгек мигранты өзү төлөй турган камсыздоо акысы өтө эле көп акчаны түзөт. Кийин пенсияга жетерлик акчаны эмитен топтоо Орусияда иштеп жүрүшкөн эмгек мигранттарын анчалык деле ойлонтпойт.

Дүйнөлүк банктын адистеринин эсебинде эмгекке жарамду калктын 10% сыртка иштеп келүүгө кетиши өлкө кедейлигин 2% кыскартат. ICSER-Kyrgyzstan cоциалдык-экономикалык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Евгений Ермаковдун пикиринде тышкы эмгек миграциясы толгон-токой проблемаларды жаратууда.

- Бул биринчиден, эмгекке жарамдуу адамдардын сыртка кетиши. Иштей турган алдуу-күчтүү адамдардын көбү башка өлкөгө иштешет. Коом менен үй-бүлөнүн ажырымы чоңоюуда. Эң коркунучтуусу ушул.

Жыл санап Орусияга агылган жаштарды кийинки кездери такырбаштардын колунан мерт болгондордун саны көбөйүп баратканы, башка дагы толгон-токой кыйынчылыктар чочулатпай деле калды окшойт. Кыргызстандагы саясий-экономикалык абал азыркысынан айырмаланбаса кетүүчүлөрдүн катары дагы арбышы мүмкүн экендигин байкоочулар кыйладан бери айтып келатышат.
XS
SM
MD
LG