Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

ООГАНСТАНГА 10 млрд ДОЛЛАРЛЫК ЖАРДАМ ЖЕТПЕЙ КАЛДЫ


Венера Сагындык кызы, Прага Ооганстан эл аралык донорлор убада кылган жардамдын 10 млрд доллардай бөлүгүн алган жок. Ушундай маалымат Ооганстанда иш алып барган бир нече гуманитардык уюмдун биргелешкен докладында айтылат. Колго тийген чет элдик жардам да натыйжалуу пайдаланылбай, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, элдин жашоосун жакшыртуу ишине тийиштүү салымын кошо алган жок, - деп айтылат документте.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Оксфам борборунун докладында айтылгандай, эл аралык коомчулук бөлгөн жардамдын үчтөн экиси Ооганстанга жетпей калган, ошондой эле бөлүнгөн каражаттын 40 пайыздайы кайра ошол жардамды бөлгөн уюмдардын консультация, кеп-кеңештери үчүн төлөнүп, алардын кызматкерлеринин кымбат командировкаларына сарпталган. Башкысы – 2001-жылы Талибан режими кулатылгандан бери Ооганстанга баш-аягы 25 млрд доллардай чет элдик жардам бөлүнгөн. Бирок анын 15 миллиарды ооган өкмөтүнүн колуна тийип, калган 10 миллиарды жогоруда айтылгандай кайра донорлордун өзүнө жумшалган.

“Азаттыктын” Кабулдагы кабарчысы менен болгон маегинде Ооганстан парламентинин мүчөсү, мурдагы пландоо министри Рамазан Башардост бул маалыматтар чындык экенин ырастайт.

- АКШ, Британия жана башка өлкөлөрдө катардагы эл иштеп тапканынын бир бөлүгүн салык катары Ооганстанда жолдорду куруп, таза суу өткөрүү, электр зымдарын орнотууга төлөп жатат. Бирок ал акча Ооганстанга келгенде, 60 миң долларлык машине минген, айына 15 миң долларлык кымбат үйлөрдү ижарага алып жашаган адамдардын чөнтөгүнө түшүүдө. Жардамдын 90%ы ошол бөлүнгөн каражатты башкарып-техникалык жактан тейлөөгө кетип атпайбы, - деп кейийт ооган парламентинин мүчөсү.

Ооганстанда иш алып барган бир нече гуманитардык уюм биригип жүргүзгөн иликтөөсүндө убада кылган жардамын убагында бере албаган тараптар катары АКШ, Европа Биримдиги, Германия кайра өзүнчө аталат. Кошмо Штаттар жарыялаган суммасынын жарымын, 10 млрд 400 миллион долларын бөлсө, Европа Биримдиги айтылган убаданын үчтөн экисинен азыраагын тапшырган.

Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча координациялык агенттиктин директорунун орун басары Хашим Мэйер Кабулдагы бийликтердин колуна тийген жардам да калың элдин чекесин жылыта албаганын белгилейт.

- Жардамдын көбү шаарларга жумшалды, ооган калкынын көпчүлүк бөлүгү жашаган айылдарга жеткен жок. Акчанын көбү коопсуздугу начар аймактарга бөлүндү, ал жактарда абал жакшырабы деген үмүттө. Бирок баарыбыз көрүп тургандай, тескерисинче, кооптуу аймактарда кырдаал мурдагыдан начарлап кетти. Ал эми социалдык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн болгон аймактар ошол бойдон куру жалак калышты.

Салыштырыш үчүн Мэйер Ооганстандагы АКШ аскерлерине күн сайын 100 миллион доллардай акча сарпталса, бүткүл өлкөгө көрсөтүлгөн жардамды ар бир күнгө бөлгөндө 7 миллион долларды гана түзөөрүн айтат.

АКШнын чет өлкөлөргө көрсөтүлчү жардамын тескеген ЮСАИД уюму чынында эле Ооганстанга убада кылынган каражаттын үчтөн экиси гана бөлүнгөнүн, калган долбоорлор коопсуздук маселелеринен улам жүзөгө ашыруу кыйын болуп токтоп калганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG