Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Ф.КУЛОВ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ ООР АБАЛДА


Кыргызстандын экономикасы оор абалда, деп билдирди “Ар намыс” партиясынынын лидери Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, 29-мартта Элдик курултайда өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу жолдору сунушталат. Ал ошондой эле саясий-экономикалык кырдаалга жана адам укугуна байланыштуу маселелерге токтолду. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров болсо кийнки үч жыл аралыгында Кыргызстандын экономикасы кыйла өсүп, республиканын бюджети эки эсе көбөйгөнүн байма-бай айтып келет.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов жеке иштери менен чет өлкөгө кетип жатканына байланыштуу 29-мартта Элдик курултайга катыша албастыгын, ошондуктан алдын ала өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга баа берип, буга кайдыгер карап тура албай көз карашын билдирүүнү эп көргөнүн айтты. Анын пикиринде, мамлекетте экономикалык оор кырдаал түзүлүп, азык-түлүктүн кымбатташы карапайым калктын турмушуна терс таасирин тийгизүүдө.

Ал ошондой эле өлкөдө адам укугуна мамиле начарлаганын, түштүк аймагындагы жерлердин коңшу мамлекетке өтүп, көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу бар экенине токтолду.

Мурдагы премьер-министр өткөн жылдагы референдум, парламенттик шайлоону легитимсиз деп эсептеп, шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгиледи.

«Азыркы биздин негизги милдет, баардыгыбыз чогуу экономикалык оор кырдаалдан чыгуунун жолдорун табышыбыз керек. Бул багытта «Ар намыс партиясы» кыргыз бийлигине экономиканы өнүктүрүү багытында бир катар программаларды сунуштайт. Кризистен чыгуунун жолу – таза бийлик+электрификация», - дейт Кулов.

-Азыр биз бийликке каршы эмеспиз. Тескерисинче экономикалык кризистен чыгууга жакшы идеяларды берип атабыз. Бирок бийлик биздин сунушубузду четке какса, анда биз айтабыз да мындай бийликтин кереги жок деп.

Ал Кыргызстанда энергетика тармагы өтө эле оор абалда экендигин, электр кубаттулугунун 90 пайызын суу ресурстарынан өндүрүү мүмкүн эместигин баса белгилеп, өкмөттү жетектеп турганда 1200 МВт энергия чыгаруучу Кара кече КЭСин куруу демилгесин көтөрүп чыкканын, бул долбоорго ичи тар, пейли бузук адамдар бут тосконун айтып өттү. Анын пикиринде 1 млрд 200 млн. доллар каражатка Каракече КЭСи курулса өлкөдө электр кубаттуулугуна болгон дефицит өзүнөн-өзү чечилмек. Аны курууга каражатты инвесторлор бермек.

-Бул каражаттарды инвесторлор бермек. Бирок таза болсо инвесторлор келет. Бийлик таза болбосо инвесторлор эзели келбейт. Ошондуктан биринчи принципти сакташ керек.

«Ар намыстын» жетекчиси миграция маселесине токтолуп, Орусиядагы кыргыз жарандарынын кош атуулдукту алуу маселеси али чечилбегенин, учурда ички миграцияны токтотуу зарылчылыгы келип чыкканын билдирди.

Президент Курманбек Бакиевдин айланасында айтылып жаткан ар кандай айың сөздөргө көз карашын билдирген Кулов, элдин толук маалымат менен камсыз болбогондугунан улам коомчулукта ушак кептер күчөп кеткенин белгиледи.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров болсо өткөн апта соңунда маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын экономикасы үч жылдын аралыгында кыйла өскөнүн, эмгек маяналардын фонду эки эсе көбөйгөндүгүн билдирген эле.

Жапаров экономиканы өнүктүрүү боюнча программаларды мурдагы өкмөт башчы, азыркы оппозиция өкүлдөрү учурунда колдобой койгондугун мындайча чечмеледи:

-Ошо оппозициянын өкүлүнүн ана башчылары өкмөт башында турбадыбы. Мен айткан идеялардын далайын караманча колдобой койушпадыбы. «Курманбек Салиевич капа болуп калат, жолдош Жапаров. Ошондуктан биз муну жасабайбыз»,-деген кишилерди дагы көрдүм.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри белгилегендей өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча оппозиция болобу, коомдук уюмдар болобу өкмөт кызматташууга даяр, бирок эч бир тараптан азырынча сунуштар келип түшкөн эмес.

XS
SM
MD
LG