Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫ БЭЭЖИНГЕ ДАГЫ 2 ЖОЛДОМО ЖЕҢИП АЛЫШТЫ


Бээжинде өтө турган олимпиада оюндарга кыргызстандык эки жигит жолдомо утуп алышты. Учурда Кыргызстандан 10 спортчунун олимпиадага жолу ачылып, даярдык көрүшүүдө. Негизинен июнь айынын аягына чейин дагы спорттун айрым түрлөрү боюнча Бээжинге жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондой болсо да даярдыктын, камылганын начардыгы спорт коомчулугунда сынга алынууда.

Астанада өткөн бокс боюнча Казакстандын президентинин кубогуна кыргызстандык 8 мушкер катышып, 60 кг салмакта эл аралык спорт чебери Асылбек Таласбаев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.

Астанадагы бокстан олимпиадага 19 жолдомо берүүчү акыркы турнирде 25 өлкөнүн өкүлдөрү мөрөй талашты. Асылбек Таласбаев 2004-жылы Афина олимпиадасына да катышып, анда жаштык кылып биринчи таймашууда оюндан чыгып калган.

Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, учурдагы парламент депутаты Орзубек Назаровдун устаты – Геннадий Аноприев Асылбектин учурдагы машыктыруучусу болуп саналат. Ошентип кыргыз жигиттеринен Бээжин олимпиадасына боксчу Асылбек Таласбаев алгачкы жана бокстан жалгыз жолдомону жеңип алды.

Ошондой эле Астанада 64 кг салмакта намыс талашкан кыргызстандык Акмат Мадаминов да экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болгону менен ага Бээжин олимпиадасына жолдомо берилген жок. Ушул мелдеште коло байгелүү болушкан кыргызстандык Нурлан Абдраимов менен Залкар Бакиров дагы жолу болбой Бээжинге жолдомо алууга чама-чаркы жетпеди.

Ошондой эле Түштүк Кореянын Дежу шаарында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында эркин күрөштөн Азиянын чемпионатынын күмүш жана коло байгелер ээси Яна Панова гана дагы үчүнчү орунду ээлегени менен Бээжинге жолдомо алалбай арманда калды.




Кыргызстандык спорт күйөрмандарын сүйүнткөн грек- рим күрөшү боюнча 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев болду. Ал 60 кг салмакта күч сынашып, бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Ошондой эле Русланга Бээжин олимпиадасына жолдомо да ыйгарылды.

Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев алдыдагы максаты Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргоп, байгелүү орунга жетүү экенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирип, “Азия чемпионаты курч мүнөздө өттү, атаандаштарым абдан күчтүү болду. Эмки максат Бээжиндеги олимпиадалык оюндарда мөрөй алып, байгелүү орунга жетүү”- деп айтты Руслан Түмөнбаев.

Түштүк Кореядагы Азия чемпионатынын өзгөчөлүгү 7 салмак боюнча чемпиондорго гана Бээжинге жолдомо берилди. Ушул таймашууда финалга чейин жетип, калыстардын айынан Бээжин олимпиадасына жолдомо албай арманда калышкан Азиянын былтыркы чемпиондору Канат Бегалиев менен Данияр Көбөнов күмүш медалды аргасыздан тагынышты. Эми кыргызстандык балбандар үчүн дагы Бээжинге жолдомо берүүчү 2 эл аралык Гран-при мелдештери алдыда турат.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде Бээжин олимпиадасына мамлекетик агентиктин даярдыктар азырынча алымсындырбайт. Ошондой эле Бээжинге даярдык боюнча уюштуруу комитети кагаз жүзүндө гана түзүлгөнү менен иштеген жок. Өлкөнүн спортчулары июнь айынын аягына чейин дагы онго жакын жолдомо алууга аракет кылышаарын Канат Аманкулов кошумчалады:

-Жайкы олимпиада оюндарына Бээжинге даярдыктар чийки болууда. Бэжинде балбандар гана байгелүү орунга жетүүсү ыктымал. Мурда каражаттын жоктугу, аздыгын шылтоо кылып келишсе, учурда 100 милиион сомдон ашуун каражатты өкмөт бөлүп берүүдө. Бээжинге даярдык боюнча уюштуруу комитети кагаз жүзүндө гана түзүлгөнү менен иштеген жок.

Өлкөнүн Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алаз Касенов маалымдаганына караганда учурда кыргызстандык 10 спортчу Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан.
Кыргызстандык спортчулардан Бээжин олимпиадасына алгачкы жолдомону эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар менен Алексей Крупняков былтыр Бакыдагы дүйнө чемпионатында жеңип алышкан.

Былтыр бишкектик суучул Юрий Захаров Азия чемпиону аталса, Василий Данилов Макаодо имарат ичиндеги 2-Азия оюндарында күмүш жана коло байге утуп экөө тең Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, учурда даярдык көрүп жатышат.

Жеңил атлетика боюнча Азиянын көп жолку чемпиону бийиктикке секирүүчү Татьяна Ефименко менен жөө күлүк Юлия Архипова да Бээжин олимпиадасына жолдомо утуп алган.

Жетинчи жолдомонун ээси - кыргызстандык таэквондочу Расул Абдураим. Ал Вьетнамда өткөн эл аралык мелдеште мөрөй алуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алууга жетишкен.
Кыргызстандык мергендерден жаш болсо да үмүт жандырганы мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов. Ал да Азиядагы биринчиликте Бээжин олимпиадасына сегизинчи жолдомону утуп келген эле.

Эми Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык турнирлер, Азия, дүйнө чемпионаттары июнь айына чейин болмокчу. Кыргызстандык спортчулардан дагы олимпиадалык оюндарга жолу ачылышы ажеп эмес. Айрыкча грек-рим, эркин күрөш, бокс, жеңил жана оор атлетикадан, спорттун азыркы беш түрүнөн дзюдо жана башка спорт түрлөрүнөн олимпиадалык жолдомо берүүчү мелдештерге кыргызстандык спортчулар даярдык көрүп, багын сынап көрүшмөкчү.

Жыл аягында Дене тарбия жана спортту координациялоо боюнча улуттук кеңеш тузүлүп, төрагалык тизгинди президент Курманбек Бакиев өзү колго алып, Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүнү көзөмөлгө алууга убада берген. Кыргыз спортунун чыныгы жүзүн, чама-чаркы быйыл жайында Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндар таразалап койгону турат.

Мурда күнү Грекияда жагылып жолго чыккан олимпиада оту эстафета менен колдон колго өтүп Бээжинге 8-августта Олимпиада оюндарынын ачылышына жеткирилет. Ага дейре Олипиада оту дүйнөнүн беш континентиндеги 20 өлкө аркылуу өтүп, 137 миң чакырым жол басат. Учурда дүйнө коомчулугунун көңүлү Бээжинде өтө турган олимпиадалык оюндарга бурулуп турган мезгили.

Бээжин олимпиадалык оюндары спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча өткөрүлмөкчү. Олимпиаданын оту 8-августта жанып, ал 17 күн күйүп, таймашууларга 203 өлкөнүн 11 миндей спортчусу катышат. 20 миңден ашуун журналист Бээжин олимпиадасын чагылдырып турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG