Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Грузия Орусиянын Мамлекеттик думасынын өткөн аптадагы резолюциясын сынга алды


Анда Мамлекеттик дума орус өкмөтүн Грузиянын жикчил аймактары катары эсептелген Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу жагын карап көрүүгө чакырган эле. Грузиянын тышкы иштер министрлиги орус думасынын жогорудагыдай сунушун өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары баалады. Орус өкмөтүн Абхазия менен Түштүк Осетияны таанууга чакырууда Дума Батыш өлкөлөрү февралда Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Косовону таанусун мисалга тарткан. Бул аралыкта бүгүн Москва менен Тбилиси ортосунда 18 айга созулган тыныгуудан соң аба байланышы калыбына келтирилүүдө. Орусия Грузия менен аба катнашын жана транспорттук байланыштын башка түрлөрүн 2006-жылдын ноябрында эки өлкө ортосунда тутанган саясий жаңжалдан кийин токтоткон.

XS
SM
MD
LG