Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Соңку кабарларга карагада, келерки аптада өтө турган НАТОнун чоң жыйынына өзбек жана түркмөн президенттери да катышмакчы. 2-4-апрель күндөрүнө белгиленген саммитке Ислам Каримов менен Гурбангули Бердимухамедовдун келиши Трансатлантикалык биримдик менен Борбор Азиядагы эки диктатордун алакасы кескин жакшырганын билгизет.

Ошону менен Өзбекстандын президенти 2005-жылдагы Анжиян кыргынынан кийинки үч жылдан бери биринчи жолу Европага баратат. Анжиян окуяларын көз карандысыз иликтөөгө Ташкен макул болбой конгондон кийин, Евросоюз ага каршы бир катар санкцияларды киргизген эле. Мына эми 28-апрелде Брюссел бул санкцияларды күчүнөн кетире тургандыгы кабарланууда. Анын алдында Каримов НАТОнун Бухарест самитине катышууда.

Бул чакырууну укук коргоочулар сынга алышты.
Парижде жайгашкан Борбор Азия адам укуктары биримдигинин жетекчиси Надежда Атаеванын сөзү боюнча, Батыш диктатор Каримовго карата кош-стандарт колдонууну токтотушу керек:

- Апачык эле кош стандарттуулук болуп жатат. Каримовдун саясий өкүмчүлдүгү үзүрүн берип жатат: Батыш Каримовду таанып, аны менен күжүрмөн сүйлөшүү жүргүзүүдө. Батыш Ооганстанда талибдердин активдүүлүгүнөн чочулайт. Ооганстандагы кырдаал Каримовдун чырагына май тамызууда, ал аны өз бийлигин бекемдөөгө колдонуп жатат,- деп эсептейт укук коргоочу.

Каримов НАТОнун 2004төгү самитине да катышкан. Ал эми бийликке келгенине бир жылдын гана жүзү болгон Бердымухамедов үчүн Бухарест алгачкы НАТО саммити болуп калмакчы.

2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук чабуулдан кийин Өзбекстан да, Түрмөнстан да АКШнын Ооганстандагы террорчулардын турумдарын жок кылып, талибдерди кулатуу планын колдоп чыгышкан. Өзбекстан АКШга Карши-Канабад аскер базасын колдонууга берген, бирок Вашингтон Анжиян окуяларын көз карандысыз иликтөөнү талап кылганда, Ташкен К-2 деген ат менен белгилүү болгон ал базадан америкалыктарды кууп чыккан. Ошол эле убакта Термезде Германиялык аскерлер кала берди.

Бирок кийинки кездери К-2ни кайра ачуу тууралуу сүйлөшүү кайра жанданды. НАТОнун Кавказ жана Борбор Азия боюнча элчиси Роберт Симонс ушул айда Москвага барганда, америкалык аскерлер К-2ге кайтып барышы мүмкүн экендигин билдирди. Ал эми январ айында АКШнын борбордук командачылыгынын ошол кездеги жетекчиси адмирал Уиллиам Фаллон Ташкенде Каримов менен жолугуп кеткен эле.

Көз карандысыз өзбек серепчиси Камолиддин Раббимов НАТО үчүн Ооганстандагы кырдаал өтө маанилүү дейт:

– Ооганстандагы жаңжаң жакында бүтпөй турган көйгөй болуп калды. Батыш буга өтө тынчсызданат. Ооганстанга бир нече өткөөл бар, айрымдары Иран, Пакистан жана албетте Ташкен аркылуу өтөт. Ооганстандагы кайра куруу үчүн керек-жаракты жеткирүүдө Батышка Өзбекстанды пайдаланган эң ыңгайлуу.

АКШ аскерлери К 2ге качан кайтаары азырынча анык эмес. Бирок Каримов бул мүмкүнчүлүктү Батыш менен алакасын калыбына келтирүүнүн бир ыңгайы катары сактап тургусу келээри анык болуп калды. Ал Анжияндан кийин Орусиянын таасирин күч алышынан жүрөк заада экендиги байкалууда.

Түркмөнстанга келсек, баяндамачылар НАТОнун мында аскердик жана энергетикалык да кызыкчылыктары бар экендигин айтышууда.

"Стратфор" журналы 25-мартта Түркмөнстанда советтик доордон калган көп сандаган аскер турактары бар экендигин жазды. Басылмага ылайык, өлкө Ооганстанга да, Иранга да коңшу болгондуктан, Москва менен Вашингтон экөө тең түркмөн базаларына көз артышууда.

Бирок Москвадагы Эл аралык байланыштар институтунун профессору Сергей Лузянин Батыштын Түркмөнстан менен алакасында энергетика негизги ролду ойнойт деп эсептейт:

– Мен Батыштын максаттары аскердик-стратегиялык приориттерге жана талибанга каршы операцияларда кайсы бир базаларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен байланыштуу деп ойлобойм. Мында максаттар энергетика менен байланышкан. Түркмөнстанда жаңы жетекчи келгенден кийин, бул өлкө газды ташуу жолдорунда мурдагыга караганда ачык болуп, активдүүлүгүн жана ар кыл багытты колдой тургандыгын көбүрөөк көрсөтө баштады,-
дейт орусиялык профессор.

Дагы бир маанилүү жагдай, "НАТО Ооганстандагы операцияларына байланыштуу бул өлкөгө өткөөл ачуу мүмкүнчүлүгү тууралуу Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат, бул сүйлөшүүгө Орусия да тартылган" деген кептер болуп атат. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстан боюнча НАТО менен Орусия, Өзбекстан жана башка экс-советтик жумурияттар кирген Коллективдүү Коопсуздук Келишим уюмунун ортосунда кызматташттык болушу мүмкүн экендигин учкай сөз кылган жери бар. Буга караганда, Батыш менен Орусия Борбор Азияда атаандашуу менен гана чектелбестен, кызматташуудан да баш тартпайт шекилдүү.
XS
SM
MD
LG