Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

8:40 Социал-демократиялык партиянын апелляциялык арызы Жогорку Сотко берилди


Сот арызды кароонун мөөнөтүн аныктай элек. Ал келерки жумада аныкталат, деп билдирди партиянын кызыкчылыгын коргогон адвокат Галина Скрипкина. Партия Жогорку Сотко жолдогон арызында Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Шаардык сот Борбордук шайлоо комиссиясынын доо арызынын негизинде мамлекетке 16 миллион сомдон ашуун айып пул төлөөгө партияны милдеттендирген. БШКнын сотко кайрылуусуна партия мүчөсү тарабынан добуш берүү бюллетендеринин интернетке жарыяланышы себеп болгон.(AiT)

XS
SM
MD
LG