Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

13:40 Башкы прокуратура кесиптик кошуундар федерациясы боюнча үч кылмыш ишти сотко ашырды


Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Сагын Бозгунбаев путевкалардан түшкөн 126 миң 225 сомду менчиктеп алгандыгы боюнча кылмыш иши Биринчи май райсотуна ашырылды, бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле “Бишкек-турбазасынын” башкы директору, төраганын уулу Эркин Бозгунбаев 313,6 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү жер участогуна берилген ижара акысын менчиктештирип алгандыгы, кесиптик кошуундар федерациясынын курорттор боюнча башкармалыгынын башчысы К.Шаболотова Ысыккөлдөгү “Алатоо” эс алуу жайындагы жер участкаларын ижарага мыйзамсыз бергендиги боюнча кылмыш иши да сотко ашырылган. Ал эми Шаболотова бир дагы жер участогу сатылбаганын "Азаттыкка" билдирди. Эл аралык эмгек уюмунун өкүлдөрү учурда Бишкекке келип кесиптик кошуунга байланыштуу маселеге тынчсыздангандыгын билдиришүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG