Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

13:55 Эми жалалабаттыктар митингдерди ипподромдо гана өткөрө алышат


Жалалабат шаардык кеңеши да, Бишкек шаардык кеңеши сыяктуу эле, пикет-митингдерди өткөрүү боюнча токтом кабыл алганын бүгүн “Фридом Хауз” уюму тарабынан уюштурулган талкууда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, аталган токтомдо жарандар шаардан 3,5 чакырым алыста жайгашкан ипподромдо өткөрө алышат. “Эгерде Бишкек шаардык кеңеши өзүнүн токтомун Баш калаа жөнүндөгү мыйзамга шилтеп кабыл алган болсо, Жалалабат шаардык кеңеши токтомун эми Бишкек шаардык Кеңешинин токтомуна шилтеген”, - дейт укук коргоочу. Азиза Абдрасулова жарандардын эркин чогулууга укугун чектеген токтомдун азыр өлкөнүн башка шаарларына да тарашын “өтө чоң проблема” деп сыпаттап, эми укук коргоочулардын ал токтомдорду жокко чыгаруу боюнча арызын карап жаткан Конституциялык сот маселени чечип берет деп үмүттөнөөрүн айтты. (TD)

XS
SM
MD
LG