Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

ТАЛААСЫ ТУРГАЙ ТАШЫ ЖОК


“Дело №...” гезити казактар алмашкыла деп сурап турган кыргыз жеринин тегерегиндеги маселеге кайрылып, талашка түшкөн бул аймакты өз көзү менен көрүп кайткан депутаттык комиссия Талас менен Жамбул дубандары чектешкен гранит карьеринин тагдыры азырынча тигиндей же мындай деп бүтүм чыгарууга эртелик кыларын, анткен менен бул гранит аймагын казактарга бергенден кыргыз тарап гана уттурарын белгилейт. “Бизге бергиле” деп аткан ошол гранит карьерин казактар Совет доорунан бери карай эле иштетип келе жатат. Гранитин да, гранит шагылын да баурдастар калпып алып, кыргыздар өз жеринин койдун корголундай да ташына ээ бололбай келет. Мына ошол ченемсиз байлык жаткан 129 гектар жерге казактар өзүлөрүнүн төө кайтарган 74 гектарын алмашасыңар деп омуроолоп турган кербези. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөрчү, бизге кайсынысы пайдалуу? Гезит андан ары ошол эле казактар Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттарга да көз артып турганын, парламенттин басымдуу бөлүгүн жалаң “акжолчулар” түзгөн депутаттык фракция кайран жердин “кайгысын” апрелде карарын, албетте ар бир депутаттын өз ой-пикири болгон менен партиялык каамыт катылган парламент партиялык катуу тартиптин алкагынан алыс секире албасын, анын үстүнө так ошол апрель айында президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга ырасмий сапары башталарын баяндап, демек күч-кубаты кудуреттүү өлкөгө “кулдук уруп бараткан киши” куру кол бармак беле деп жазды.

“Алиби” гезити Бакиевдин айланасындагы айың сөздөрдү талкууга алып, “президент тууралуу учурда эмне айта аласыз?” деп суроо салганда белгилүү коомдук ишмер И.Абдуразаков, эгерде Бакиевдин жөнөп кетиши дарыланууга байланыштуу болсо, анда ал дарыланып жатат, жакында операция болот деп маалымдап коюш керек эле. Алгач 17-мартта кайтып келет деп, андан соң март майрамдарынан кийин келет деп маалымдап жатышат, мунун баары ырасмий эмес маалымат булактарынан алынды. Тарыхтын бетин ачып карасак Сталинди да ал ооруган мезгилде жаап-жашырып койгон, Брежнев менен да ушундай болгон. Биздин көнүмүш адатыбыз жаап-жашыруу, чындыкты айтпай элдин бүйүрүн кызытуу десе, президенттин админстрация башчысы М.Садыркулов Бакиев Бишкекке 28-мартта келет, ММК өкүлдөрүн ошол күнү президент менен баарлашууга чакырабыз деп айтты. Ал эми гезиттин өзү болсо Бакиевдин админстрация башчысы М.Садыркулов мырза ажону жаап-жашырып жакшынакай эле эс алып жүрөт десе, А.Атамбаев мырза бутун дарылатып ооруканада жатат дейт. Медет мырза калп айттыбы же Алмаз мырза ашырып жибердиби эки күндөн кийин күбө болобуз. Бирок айрым аналитиктердин айтымында Атамбаев Бакиевден кайра иш сураптыр, болгондо да өкмөт башчылыгын, ортолоруна орустардын бир белгилүү саясатчысы түшкөн экен дешет деп маалымдады.

“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити кыргызстандык кыздардын окуу жайларын бүтүп алып, дипломдорун кучактап ишсиз калып жаткан көйгөй маселесине көңүл бурду. Көз карандысыз социологиялык изилдөөлөр борборунун деректири Раиса Полякова, Кыргызстандын ашказанында “чирип бараткан капитализм жарасы” пайда болгондон бери эмгек рыногу тиришумдуктай атаандаштыкты жаратты, ал жерде эркектерден жол талашам деген аялзатына дегеле орун жок деп айтты. Психолог Вячеслав Гумиров, “эмне үчүн кожоюндар ишке аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк артыкчылык берет?” деген суроого, маселенин төркүнү жалаң гана “эркектик шовнизимде” эмес, буга бүтүрүүчү кыздардын өзүлөрү да күнөөлүү, ошондой эле өз бүтүрүүчүлөрүнүн келечеги жөнүндө ректорат чиновниктеринин баары эле башкатыра бербейт дейт. Көз карандысыз эксперттердин эсеби боюнча бүгүн жогорку окуу жайларын бүтүргөн кыздардын 80 пайызы Кыргызстанда өз кесиби боюнча иш таба албайт.

Ушул эле гезит “Бүгүнкү парламентте жарк эткен жарык инсан жок” деген рубрика алдында Кыргызстандын жаңы парламенти жөнүндө сөз кылып, таркатылган парламент менен салыштырганда азыркы Жогорку Кеңештин дээрлик 75 пайызы жаңы көздөрдөн турарын, бирок өткөндөгүдөн жакшы же жаман деп айтууга азырынча эртелик кыларын белгилеп, СССР деп аталган мурунку, КМШ деп аталган азыркы Орус Империализминин аймагында парламентаризм деген эч качан чыныгы бийлик бутагы болгон эмес. Ал деген ар дайым бийликке сокур ичеги болгон. Бирок парламентаризм деген мыйзамдарды штамповкалап эле чыгара берчү орган эмес, ал деген биринчи иретте элдин кызыкчылыгына карап иш кыла турган орган. Тилекке каршы бизде парламент ошол эл кызыкчылыгы үчүн иштегенге үйрөналбай келатат. Легендарлуу деп аталган парламент А.Акаевдин саясатына макул болбогондугу үчүн таркатылса, алгач ошол эле Акаевдин каалоо-тилеги менен пайда болуп, кийин адам алмашары менен Бакиев бийлигинин колтугуна кире качып жашап калган ЖКнын 3-чакырылышынын депутаттары да ушундай тагдырга туш болду. Тарых илиминин доктору Нур Омаров болсо, өткөн шайлоонун жыйынтыгынын эмдигиче ырасмий түрдө жарыяланбай жатышы парламенттин легитимдүүлүгү жөнүндөгү проблеманы пайда кылды, биз 16 жылдын ичинде улам кийинкисинен кийинкисинин деңгээли төмөн парламентке ээ болуп келе жатабыз. Ошондуктан мен бул парламенттен деле өзгөчө эч нерсе күтпөйм деп айтты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG