Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

КУШ ТУМООСУНА ЧАЛМА САЛЫНДЫБЫ?


Кыргызстанда эки жылдан бери Дүйнөлүк Банктын жардамы менен куш тумоосунун алдын алуу чаралары көрүлүп келатат. Бүгүнкү күндө республикада куш тумоосун аныктоочу 3 диагностикалык борбор европалык талапка ылайык ремонттон өттү. Апрель айында болсо 3 борборго 695 миң доллар баасындагы куш тумоосун диагностикалоочу жабдыктар келип түшөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жакын турган Афганистанда, Кытайда, Пакистанда, Казакстанда андан ары Орусияда, Евро-Азиянын бир катар мамлекеттеринде жогорку патогендүү куш тумоосунун ылаңы чыкканы белгилүү. Мына ошол дүйнөнүн ар кай бурчунан Кыргызстандын аймагы аркылуу жыл сайын 2 млн куш учуп өтөт жана 200 миңдей канаттуу кыштап калат. Андыктан абал кыйла кооптуу экендигин мамлекеттик ветеринардык департаменттин генералдык директору Калысбек Жумаканов жашырбады:

-Бизде коркунуч чоң. Мисалы учуп бараткан бир оорулуу куштун ташталган заңын бир тоок чокуса эле бүттү... Куштарды Кыргызстанга кийирбей коюу мүмкүн эмес. Биздин милдет – дайымкы көзөмөл. Эгер эле кайсы бир жерде куш тумоосунун белгилери пайда болсо, дароо ал жерге карантин жарыялап, ошол жерди сактап калууга тийишпиз.

Эки жыл убакыттан бери кыргыз адистери куш тумоосунун алдын алуу чаралары боюнча чет өлкөлүк адистерден окуп үйрөнүшүп, андан кийин бул окуулуктарды Кыргызстандын аймактарында өткөрүшүүдө. Жыл башынан бери мындай окуулуктар Ош, Чүй, Нарын, Ысыккөл облустарында өттү. Өкмөт алдындагы жогорку патогендүү куш тумоосу боюнча улуттук планды координациялоо катчылыгынын адиси Мухтар Рысбековдун пикиринде мындай түшүндүрүү иштери менен ветеринардык кызматкерлер гана тааныш болбой, жалпы калк билгени максаттуу:

-Куш тумоосуна байланыштуу түшүндүрмөлөрдү көргөзмө курал катары плакаттар түрүндө чыгарып, бала бакчаларга, мектептерге, эл көп чогулган коомдук жайларга илип жатабыз.

Апрель айында республиканын Түштүк, Чүй жана Чыгыш зоналык лабораторияларына келип түшчү жабдыктар куш тумоосунун түрлөрүнө чейин аныктайт жана учурда бул жабдык менен кошо аныктоочу айрым заттар да жетишсиз. Эки жылдан бери кыргыз адистерине шектүү болуп табылган 60 тай канаттууну текшерүүгө туура келди. Соңку текшерүүлөр Маскөөдөн чыгарылып келди. Бишкектеги ветеринардык диагностикалык борбордун директору Марат Сыдыгалиев куш тумоосуна карата окуулар тынымсыз улана бермекчи деди:

-Куш тумоосуна карата диагностиканы кантип жүргүзүү керек, материалды кандай алуу керек жана кантип жеткирүү зарыл, аны кийин кантип жок кылуу керек – мына ушулардын баарын окуп үйрөндүк. Окууну улантууну быйылкы жылдын планына да киргизип жатабыз. Анткени бул вирус мутация болуп өзгөрүп турат. Өлгөн кушту текшерүүнү, эгер андан вирус табылса аны жок кылууну биз билебиз. Бирок ошол өлтүрчү танкер деген нерсе бизде азыр жок. Апрелде куш тумоосун аныктоочу жабдык келсе, жайга чейин биз заказ кылган танкер да келип калат. Андан тышкары вирустар автоклавдарда өлтүрүлөт.

XS
SM
MD
LG