Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

15:17 Акыркы алты жылда мектеп окуучуларынын билим деңгээли эки-үч эсе төмөндөп кетти


Бул туурасында билим берүү министри Ишенгүл Болжурова билим берүү тармагын реформалоого арналган өкмөттүк жыйында маалымдады. Ошол эле кезде “эң жакшы” деген бааларга окугандар сегиз эсеге көбөйгөнү таң калтырат деди министр. Анын айтымында, 4-класстагы окуучулардын төрт пайызынын билим деңгээли ортодон төмөн, 23 пайызыныкы – орто, 10 пайызыныкы – ортодон жогору жана үч пайыз окуучулардын гана билим деңгээли жогору. “Демек, 4-класстагы окуучулардын дээрлик 64 пайызы эмне окуп жатканын түшүнүшпөйт”, - деди Ишенгүл Болжурова. Министр ошондой эле мугалимдердин орточо курагы өйдөлөп, жаш мугалимдерге суроо-талап жогору бойдон калганын белгиледи. Ал эми окуучулар арасындагы социалдык теңсиздик байкалбашы үчүн И. Болжурова бардык мектептерде жалпы форма киргизүүнү сунуштады. (JTo)

XS
SM
MD
LG