Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

Ирактын Басра шаарындагы уруштарда кырктай киши окко учту,эки жүздөй адам жарадар болду. Өкмөттүк аскерлер бул жерде шейшембиден бери “Мехди армиясы” деп аталган топко каршы операция өткөрүп жатат. Багдадда да кагылыштар тутанып, өткөн түнкү уруштарда он бештей киши набыт болду.

Басрада окко учкандар менен жарадар болгондор арасында өкмөттүк армиянын жоокерлери, козголоңчулар, ошондой эле жайкын калктын өкүлдөрү бар, өзгөчө жаш балдар көп дешет. Бул жерде шейшемби күнү эрте менен башталган операцияларга Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики өзү жетекчилик кылууда. Ал кечээ козголоңчулардан куралдарын таштап, 72 саат ичинде багынып берүүнү талап кылды.

Операцияга тартылган күчтөрдүн командачысы генерал Гайдан шаардан көп сандагы курал-жарак, жарылма заттар табылып, опуздалганын ырастады. “Басра алдыдагы күндөрдө мыйзамга ыкрар кылбаган бардык күчтөрдөн тазаланат”, - деп айтты ал Reutersтин кабарчысына.

Айрым кабарларда Басрада эле эмес, өлкөнүн бир катар шаарларында, алардын ичинде Кербалада, түндүктөгү Мосулда коменданттык саат киргизилгени айтылууда. Байкоочулар бул операцияны кеңири өңүттө карашып, өкмөт козголоңчулардын колундагы аймактарды өз көзөмөлүнө алууну көздөп жатат, мунун өзү ирак аскерлери өз каркынына ишене баштаганын көрсөтөт деп белгилешүүдө.

Кечээ Вашингтондо Ак үйдүн басма сөз катчысы Дана Перино да Басрадагы окуялар ирактыктар өздөрү жетектеп, өздөрү өткөрүп жаткан операция экенин белгиледи. “Биздин алардан күткөнүбүз дал ушул - кырдаал үчүн жоопкерчиликти алар өздөрүнө алышы керек. Премьер-министр ал-Малики террорчулар менен козголоңчулар толуп алган аймакка кирүү үчүн каарман чечимге келди”,- деп айтты Ак үйдүн өкүлү.

“Мехди армиясынын” башчысы, шейиттердин радикал имамы Моктада ас-Садр өкмөттү Басрадагы операцияны саясий күчтөр менен кеңешпей туруп баштаганы үчүн айыптап, аны дароо токтотууну талап кылды жана өз тарапкерлерин бүт өлкө боюнча отуруп алып каршылык билдирүүгө чакырды. “Эгер өкмөт муну да эске албаса,анда Багдадада жана башка аймактарда бийликке баш ийбөө аракеттери башталат”, - деп айтылат ас-Садрдын атынан таркатылган билдирүүдө. “Мындай аракет конституциялык жана демократиялык ыкма, - деп билдирди ас-Садр жетектеген кыймылдын саясий комитетинин башчысы Лива Смайсим телефон аркылуу Багдаддан.- Бийликке баш ийбөө аракетине ыктыярдуулар катышат, бул куралдуу көтөрүлүш эмес”.

Имамдын тарапкерлери Багдадда да өкмөт аскерлери менен басташа баштады. Түнкү кагылыштарда он бештей киши набыт болгону тууралуу маалыматтар бар,алардын көбү жайкын калк өкүлдөрү окшойт.
“Мехди армиясы” былтыр августтан бери жарашуу келишимин сактап келген эле. Бирок жакында ас-Садрдын бир нече тарапкери камалып,”мехдичилер” аларды бошотуу акциясын башташкан.

Басрадагы операцияларга шаарга чукул жердеги базада жайгашкан британ аскерлери тартылган жок. Бирок шаар үстүндө алардын аскери тикучмалары чабыттап, кырдаалга көз салып жатышат. Британ контингенти Басраны былтыр өкмөттүн карамагына өткөрүп берген.
XS
SM
MD
LG