Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

20:06 "Ата мекен" партиясынын Жалалабат облустук саясий кеңеши учурдагы кырдаалды талкуулады


Жыйында үч жылдан бери өзгөрүү болбогондугу, баалар кымбаттап, кирешелүү
тармактар сатууга коюлганы жана адам укуктары корголбогону сынга алынды. Областтык уюмдун төрага орунбасары Кадырбек Жакыпов 24-мартты майрам күн катары шашылыш кабыл алды деп эсептеп, Жогорку Кеңешти таркатуу менен ага шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрдү. Мыйзамдуу өлкөдө мындай учурда бийлик да кызматтан кетет деп айтты. Кеңештин калган мүчөлөрү бийлик убадаларын аткарбаганын, өлкө үй-бүлөлүк башкаруудан арылбай, жашоо оорлоп баратканын жана Баш мыйзамды кайра кароо зарылдыгын белгилешти. “Ак жол" партиясынын областтык уюмунун төрагасы Абдымалик Бектемировдун пикири боюнча парламентке шайлоо өткөрүүнүн кереги жок жана 24-март майрам деп туура кабыл алынган. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG