Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Пакистандын жаңы өкмөтү террорчулукка каршы күрөштү улантат


Бирок террорго каршы согуш кеңири алкактагы мамилени, анын ичинде саясий ыкмаларды, өнүгүү программаларын камтууну да талап кылат. Бул тууралуу Пакистандын жаңы премьер- министри Юсуф Раза Гилани АКШнын президенти Жорж Буш менен телефон сүйлөшүүсүндө билдирген. Президент Буш Юсуф Гиланини кызматка киришкенине байланыштуу куттуктоо үчүн телефон чалганда, ал ошондой эле Пакистан АКШ менен узак мөөнөткө эсептелген тыгыз алаканы сактоого кызыкдар экенин белгилеген. Пакистандын жаңы премьер- министринин бүгүн Исламабадда Мамлекеттик катчынын орун басары Жон Негропонте, Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер менен жолугушуусу мерчемделген.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG