Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Грузия анын НАТОго кошулуу мүдөөсү четке кагылбаш керек деп эсептейт


Өлкөнүн тышкы иштер министри Давид Бакрадзе бүгүн Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө эгер Орусиянын кысымынан улам келерки аптада Румыниядагы саммитте Грузия менен Украинанын НАТОго кирүү мүдөөсү четке кагылса, региондогу тирешүү күчөөрүн эскертти. Грузин тышкы иштер министри НАТОнун лидерлерин Орусияга карата саясаттын аны "тынчытууга" эмес, принциптерге негиздөөгө чакырды. Грузия менен Украина НАТОдон келерки аптадагы саммите аларга "мүчөлүк аракет планы" берилишин суранууда. Бул - уюмга кошулуу жараянындагы маанилүү баскыч катары эсептелинет. Бирок НАТО өлкөлөрү арасында Грузия жана Украина маселеси боюнча бир пикир жок. Орусия болсо алардын НАТОго кошулуусуна каршы.


Орусиянын шайланган президенти Дмитрий Медведев ушул аптада Британиянын "Financial Times" басылмасындагы интервьюсунда бул Европанын коопсуздук системасын бузушу мүмкүн экендигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG