Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

Кыйладан бери Кыргызстанда Кылмыш кодексиндеги эки беренени - куржалаа жана ушак тараткандыгы үчүн эркинен ажыратуу жазасын алып салуу аракети жыйынтыксыз келатат. Ушундай эле жагдай Коомдук телекөрсөтүүнүн айланасында түзүлүүдө. Айрым бейөкмөт уюмдардын Бишкек шаар кеңешинин тынч жыйындарды өткөрүү тартибин аныктаган чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү өтүнүчүн сот четке какты.

Медиаөкүл Шамарал Майчиевдин айтуусунда, Кылмыш кодексинен эмдигиче алынбай келаткан эки берене боюнча сотко көбүнесе таасирдүү кызмат адамдары кайрылышат.

- Жылына 7 – 8 доо-арыз жалаа жапты деп журналисттерге каршы берилет. Мыйзамда катаал жаза азайышы керек. Бул жерде маселе аларды толугу менен алып салуу керекпи же эркинен ажыратуу жагын гана кыскартыш керекпи деген суроого барып такалат. Мен медиаөкүл катары бул эки берене толугу менен алынып салынышы керек деп эсептейм.

Voice of Freedom уюмунун башчысы Улугбек Бабакулов журналисттерди сотко берүү кийинки жылдары кыйла күчөгөнүн белгилеп, жарыялана элек материал боюнча кайсы бир чиновник кабарчыны сотко берип, ушу тапта териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

Бийлик өкүлдөрү сөз эркиндигин ооздуктоонун соттук териштирүүдөн башка таасирдүү амалдарын таап алышканына “Журналист” коомдук бирикмесинин өкүлү Мери Бекешова токтолду.

- Бийлик башкача жолдор менен маалымат каражаттарды колго алып жатат. Телекомпаниялардын бардыгы тең эле азыр бийликке иштеп калды. Бийликке иштебеген, оппозициялык телеканалдар азыр жок. Мурунку бийликтин тушунда алар аз болсо да бар болчу. Аны ачык айтып, мобуреки бул кишиники деп ачык далилдеш кыйын. Бирок жең ичинен ал кимдики экенин элдин баары билет. Мисалы, “Агым” гезити жакшы чыгып келатты эле. Аны да башкача жол менен алып коюшту. Ушинтип алып жатышат.

“Ачык позиция” коомдук уюмунун башчысы Дмитрий Кабактын ырасташынча, сөз эркиндигинин азыркы абалы ойлонтчу маселеге айланууда.

Президенттик акимчиликтин пресс-кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев Кыргызстанда сөз эркиндигине эч кандай кысым жасалган жок, деп эсептейт.

- Мына акыркы жылдары бир дагы гезит же телерадиокомпания жабылган жок. Же гезиттин бир номуру чыкпай калды деген да факт жок. Анын үстүнө азыркы Интернет барактарын карасаңыздар, массалык маалымат каражаттарын карасаңыздар эмне деген гана маселелер, проблемалар көтөрүлбөйт. Бул Кыргызстандагы сөз эркиндигинин деңгээли демократиялык коомго, ал демократиялык институт катары калыптанганын жана ал жогорку деңгээлде турганын далилдөөгө жарайт.
XS
SM
MD
LG