Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

27-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз мамлекетинин айтылуу өкүмдары эльтебер Шибоцюй Ачжань 648-жылдын бу күндөрү Кытай империясынын борборуна элчиликке барган. Кара-Кыргыз Автономиялык областтык Кеңештин I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 27-март күнү ишин баштады.

Кыргыз мамлекетинин айтылуу өкүмдары эльтебер Шибоцюй Ачжань 648-жылдын бу күндөрү Кытай империясынын борборуна элчиликке барган. Кытай маалыматтарына караганда Шибоцюй Ачжань Тан династиясынын борборуна Чжэнь-гуань башкаруусунун 22-жыл, 2-айында, тактап айтканда 648-жылдын 29-февралынан 28-март аралыгында келген. Кыргыз өкүмдары кытай императору менен жолугушуп, эки тараптуу мамилени арттыруу, саясий алака туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Тарых илиминде такталгандай, Кыргыз мамлекетинин башкаруу бийлик системасы Тан династиясынын башкаруу аппаратынын үлгүсүндө уюшулган. Балким, Шибоцюй Ачжандын Кытай империясына жасаган визит маалында эки тараптуу кызматташууга ылайык кыргыз жаштары Кытайдан окуп, алар кыргыз өлкөсүнүн башкаруу бийлик аппаратын империя шекилинде уюштурса керек.

Кара-Кыргыз Автономиялык областтык Кеңештин I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 27-март күнү ишин баштады. Курултайга область аймагынан 135 делегат чакырылып, алардын 81-кыргыз, 29-орус калгандары башка калктардын өкүлдөрү болушкан. Областтык Кеңештин Уюштуруу курултайында «Кара-Кыргыз автономиялык областынын жобосу» талкууга алынды. Курултайда Автономиялык уюмдашуунун башкаруу бийлик түзүлүшүндө өзгөрүүлөр жүргүзүлгөн. Областтык жобону, тактап айтканда Конституцияны иштеп чыгыш үчүн курамында Айдарбеков, Абдрахманов, Каменский, Султанаев жана Кизин турган атайын комиссия уюшулган. Атайын уюшулган комиссияга, Кара-Кыргыз автономиялык областы деген аталыштан «Кара» сөзүн алып, өлкө аталышы расмий түрдө Кыргыз Автономиялык областы деп жазылсын деген тапшырма жүктөлгөн.

Кыргызстан илим адамдарынын Биринчи республикалык конференциясы 1933-жылдын 27-март күнү өткөрүлдү. Кыргызстандык окуштуулар пролетариаттын сүйүктүү жолбашчысы жана Советтер Союзунун биринчи илим адамы Сталинге жалындуу салам жолдоп, тап душмандарына каршы ырайымсыз күрөш жарыялай тургандыгын билдиришти.

Кыргыз обком партиясынын кезектеги IX пленуму 1937-жылдын 27-март күнү ишин аяктады. Кыргызстандык коммунисттер ВКП (б) Борбордук комитетинин февраль-март пленум чечимдерин талкуулашты. Пленумда обком партиянын жаңы биринчи катчысы К. М. Аммосов сөз сүйлөп, улуутук кадрларга көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүш зарылчылыгын белгиледи. Пленум чечимине ылайык Орозбеков менен Эсенамановдор обком партиянын бюро мүчөлүгү калыбына келтирилди.

Чуулгандуу 2005-жылкы шайлоодон кийин куралган Жогорку Кеңеш 27-март күнү экинчи жыйынына чогулду.

Л. П. Бериянын кылмышкерлерди актаган «айтылуу 1953-жылкы амнистиясы» 27-март күнү ишке ашырылган. Миңдеген кылмышкерлер бул күнү жаза өтөгөн түрмөлөрдөн бошотулган. «Бериянын амнистиясы» кылмыш жазасын эске албай жасалгандыктан миңдеген жанкечтилер эркиндик алып, алар коомдук тартипке терс таасирин тийгизген.

27-март Эларалык театр күнү. Театр күнүн белгилөө чечими Эларалык театр институтунун 1961-жылы өткөрүлгөн Конгрессинде кабыл алынган. Изги саамалык Кыргызстанда да колдоо таап, өлкөнүн искусство күйөөрмандары ар жылы Эларалык театр күнүн белгилешет.
XS
SM
MD
LG