Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

9:50 Маркум Салижан Жигитовго бүгүн Түгөлбай Ата коомунун сыйлыгы ыйгарылат


Бул тууралуу Кыргыз-түрк университетинин коомчулук жана маалымат каражаттары менен байланыш боюнча кызматкери Бермет Бусурманова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, коомдук ишмер Салижан Жигитовду бүгүн университеттеги эскерүү кечесинде анын классташы жана досу Ишенбай Абдыразаков, кесиптеши Бүбүйна Орузбаева, жазуучу Кеңеш Жусупов сөз сүйлөп, 15 минуталык видео тасма көрсөтүлүп, Жигитовдун ырлары окулат. “Буга чейин Салижан Жигитовдун жеке өзүнүн үй китепканасындагы 6 миңден ашуун китеби университетке берилип, окуу залы уюштурулган”,-дейт Бусурманова. Эскерүү кечеси бүгүн саат 14:00 университеттин Жал микрорайонундагы корпусунда экономика факультетинин конференцзалында өткөрүлөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG