Бул тууралуу билдирген Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйдановдун айтымында, Кемин, Суусамыр өрөөнүн эсептебегенде жазгы айдап себүүлөр Сары өзөн чүйдө 15-апрелде аяктайт. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл 380 миң тонна буудай кырманга төгүү пландаштырылууда. Ал эми “Кайыңды кант заводунун солгун иштөөсүнөн улам быйыл кант кызылчасын өстүрбөөнү чечтик”,- дейт губернатор. (AJ)