Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ПРЕЗИДЕНТ КЕЛГЕНДЕН КИЙИН ӨТКӨРҮЛӨТ


“Акыйкат үчүн” кыймылы 29-мартта өтөөрү болжолдонуп жаткан Элдик курултайды өткөрүү мөөнтөтүн 12-апрелге жылдырды. Кыймылдын мүчөлөрү президент жокто Элдик курултай өткөрүлсө бийлик тарабынан ар кандай күч колдонулуп, курултайды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деп тынчсызданууларын билдиришти. Бул тууралуу Коомдук парламенттин теңтөрагасы Абдыганы Эркебаев “Азаттык” менен айрым маалыматттарын бөлүштү.

- Курултайды жылдырууга өлкөдө мамлекет башчынын жок болуп жатканы гана негиз болдубу, же дагы башка себептер барбы. Себеби кыймылдын өзүндө каражаттын жетишсиздиги бар, даярдыктын жоктугу дагы себеп деген пикирлер бар?

- Ал пикирлер бизге дайын. Кечээ айтканыбыздай, негизинен мындай чечим кабыл алууга эки жүйөө аргасыз кылды. Биринчиси, өлкөдө президентибиз Курманбек Бакиевдин бир топтон бери жоктугу ар кандай дыбыр-шыбыр сөздөрдүн, каңшар ойлордун чыгышына себеп болбодубу. Демек азыркы моралдык жана саясий кырдаалды сөзсүз эске алууга туура келет, биз дагы артын ойлонгон адамдарбыз. Жеке өзүм жанагыдай жаман сөздөргө ишенген эмесмин. Кыргыздын жакшы сөзү бар, бирөөгө өлүм санагандан көрө, өзүңө өмүр тиле, жамандык кылгандан көрө, өзүнө амандык каала дейт. Ылайым Курманбек Салиевич айтылып аткандай 28-мартта келип калса, мунун баарына чек коюлуп, өлкөдө туруктуулук пайда болот. Бул негизги жүйөө.

Экинчиси, элдик курултайды президент бул жерде жүргөндө эле 29-мартта өткөрөбүз деген чечимди кабыл алганбыз. Жер-жерлерде жана Бишкек шаарында курултайдын өтүшүнө байланыштуу расмий бийликтен ар тараптан тоскоолдуктарды жасап, атүгүл сүйлөшүлгөн, каражаты төлөнгөн имараттарды бербей, курултайга келе турган адамдардын жолун тосуп, катыштырбоого аракеттер болду. Айрыкча Бишкек шаарында, биз эки жума бою расмий түрдө бийликте отургандарга спорт сарайына, филармонияга жана ушул сыяктуу чоң залдарга кайрылдык. Өткөн жылдардагы митингдер, жүрүштөрдөн айырмаланып биз нукура Конституциянын 23-статьясынын негизинде тынчтык маанайда бир имаратта отуруп, азыркы абалды талкуулайлы деген жакшы ниетибиз бар. Көрдүңүз, азыр ошого дагы шарт түзүшбөй, ар кандай тоскоолдор болгонунан улам биз президент келсе, бет маңдай отруп, өзүнө кайрылып, болуп аткан иштерди айтып, анан Конституциянын башкы кепили катары ушуну эске алыңыз, жанагыдай тоскоолдуктарга чек коюңуз дагы, шарт түзгөнгө көмөк көрсөтүңүз, анан өзүңүз баш болуп расмий түрдө келсин, элден жашынбастан бет маңдай отуруп тынч маанайда пикирлешели деген ниетибиз бар болчу.

Анан өзүң айтып кеткен дагы бир жагдай, мен дагы окудум, каражаттын жоктугу, даярдыктын жакшы болбогону деген сөздөргө байланыштуу айткым келет. Мына ошондой жалаң байлар, чоң көпөстөр, бизнесмендер Бишкекте митингдерди өткөрбөдүбү. Ноябрда, апрелде акчанын күчү менен элди ар кайсы жактан алып келип, тамак-аш берип дегендей. Эгерде ошондой жагын эске алсак бизде андай жок. Биздин “Акыйкат үчүн” кыймылында, Коомдук парламентте негизинен идея үчүн турган, идеяны жактаган, ошону тынчтык маанайда конституциялык мыйзамдык жол менен сүйлөшүү иретинде иш кылчу адамдар бар.

- Кечээ сиздер белгилебедиңиздерби, курултай 12-апрель күнү өткөрүлөт деп. Кайсы жерде өткөрүшү мүмкүн, Атабейит деп айтылып жатат?

-Мен ишенем, өлкө башчысы келсе биз бир имаратты алганга сөзсүз жетишебиз. Эгер болбой калса, Бишкек шаарынын мэриясы чечим чыгаргандай, Атабейит эмес, борбор шаардын ортосунда Горький атындагы паркта өткөрөбүз.

- Демек президент келсе сүйлөшүүлөр оң натыйжа берет деген үмүттө турбайсыздарбы. Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG