Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

14:25 Кыргызстанда даары-дармек таасир бербеген кургак учуктун түрү көбөйүүдө


Негизинен өлкөдө кургак учук кесели эки эсеге кыскарганы менен даары таасир бербеген түрү көбөйгөнү тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги менен эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка караганда учурда өлкөдө кургак учук дарты менен ооругандардын саны 17 миң болсо, алардын көпчүлүгүн өспүрүмдөр менен сырт жакта жумуш иштеп келгендер түзгөн. Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Автандил Алишеровдун айтымында, 100 миң кишиге салыштырмалуу Кох таякчасын алып жүргөндөр 142 адамга жеткен. “Дүйнөлүк тажрыйбада бул кесел менен ооруган 50 адам болсо оор кырдаал түзүлдү деп эсептелет. Бишкек мэриясына бул маселени кабыргасынан коебуз”,-дейт Алишеров. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG