Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

16:20 Жаздын келиши менен жерге байланышкан нааразылык акциялары кайрадан башталат


Бул туурасында Маявка айыл өкмөтүнүн тургуну Капар Молдошов «Азаттыкка» кабарлады. «Лесхоз айылын кеңейтүүгө берилген жер канча бир жылдан бери жеке менчикке өтүп, учурда жергиликтүү тургундардын өздөрүнө жер жок. Ал эми аталган 13 гектар жер кимдин жеке менчигине кеткени туурасында Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов да жооп бере элек. Бул маселе бир нече ирээт көтөрүлүп, нааразылангандар өкмөт үйүнүн алдына да митинге чыгышкан», деп билдирет Капар Молдошев. Ал эми бүгүн маалымат жыйын уюштурган Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов мыйзамсыз аракеттер менен курулган үйлөр быйылда түрттүрүлөт, деп белгиледи. Бирок Лесхоз айылынын тургундары жергиликтүү бийлик айылга тиешелүү жерди мыйзамсыз бирөөгө менчикке берген үчүн жакында кайрадан нааразылык акциясын уюштурабыз дешет. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG