Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

16:27 Тажик атуулдары Баткендеги Аксай айыл өкмөтүнүн аймагына өтүп суу чатагын көтөрүштү


Бул тууралуу 27-мартта Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев "Азаттыкка" кабарлады.
26-март күнү кечки саат алтыларда эки жүзгө чукул Тажикстандын Ворух айылынын тургундары, кошуна турган Аксай айыл өкмөтүнүн аймагына өтүшүп суу чатагын көтөрүшкөн. Тажикстандыктардын талабы, оңдоп түзоо иштерине байланыштуу токтотулган суу каналын тез аранын ичинде ачып берүү болгон.
Чатак чыккан жерге кыргыз тараптан Баткен районунун акими Дастан Ходжаев, 2022 чегара зардалы Саитжан Эратовтор, ал эми тажик тараптан Исфара районунун төрайымы Махбуба Якубова жана күч орган өкүлдөрү барган.
Бийлик өкүлдөрүнүн түшүндүрүү иштерине карабастан тажик атуулдары, аларды тосуп турган кыргыз чегарачыларына муш көтөргөн. Отряддын зардалы Саитжан Эратовдун "Азаттыкка" кабарлоосунда, ызырынган тажик атуулдары качан гана ок атууга даярданганда гана өз аймагына чегинишкен. Белгилеп кетчү нерсе тажик атуулдары кирип талаптарын койгон жер кыргызстанга таандык такталган аймак. (SA)

XS
SM
MD
LG