Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: АБАКТАРДА АДАМ УКУГУ ТЕПСЕЛИП, КОРРУПЦИЯ ГҮЛДӨП ЖАТАТ


№16 абакта ачкачылык иш чарасы токтотулганы айтылууда. Кечээ укук коргоочулар ушул абакка барып, иштин чоо-жайы менен таанышып келишти эле. Абакта жаткандардын наарызылыгы эмнеден чыкканын “Азаттыкка” “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова айтып берди.

- Өз көзүңүз менен көргөн адам катары айтсаңыз, нааразылыктын чыныгы себеби эмнеде. Анткени Адилет министрлиги нааразылыктын себеби кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп эсептелген Азиз Батукаевдин башка жакка которулганы себеп болду деп билдирсе, ал эми абактагылар өздөрү адам укугунун тепселиши, дары-дармектердин жетишсиздиги сыяктуу себептерди айтып атышат.

- Адилет министрлиги болобу, башка чоң чиновниктер болобу криминалдык лидерлерди бетке алып, ошол себеп болгон дегени моралдык жактан абдан уят нерсе деп ойлойм. Түрмөлөр өкмөттүн, Fдилет министрлигинин астында болот. Ошон үчүн Адилет министрлиги граждандык институт катары социалдык-экономикалык проблемалардын баарын чечиш керек. Бүгүнкү күндө 15 миңден ашык адамга тамак-аш жетишпейт, медициналык жактан жакшы иштете албай атышат, же болбосо жаткан жерлери, адилет министри өзү айткандай, сталиндик согуштан кийинки кейпин кийип турат деген чындык.

Кечээ бир топ укук коргоочулар, анын ичинде Омбудсменден Кошоков деген мырза өзүнүн кызматкерлери менен барды. Ошондо биз интервью жасаганда дагы, өз көзүбүз менен көргөндө дагы адамдар айтып атат, биздин конституциялык укуктарыбыз чектелген, биз эркиндиктен гана ажыратылганбыз, бирок тамак ичкенге, дары алганга, жакшы жашаганга бизде эч кандай шарт жок деп. Бүгүнкү күндө ГУИНдин бюджети боюнча какшап айтып келатабыз, ал өзү карыз кредиторлорго. ГУИНдин бюджети коррупцияланган. Ошол эле Носов жана башка чоң мырзалар акчанын баары алып, түрмөнүн ичин тоноп Москвага качып кетишкен. Ошон үчүн биз өкмөттүн астында канча айтып келдик, экс-премьер Атамбаев мырзага, Куловго да канча айтып келдик, бюджетти оңдобосоңор чыр-чатактар күндөн-күнгө күчөйт, ал жерде адамдар бар, бир четинен эгемендүү сот жок, экинчи жагынан амнистия болбой эле бүгүнкү күндө кырдаал адамдарды түрмөгө кетириш аябай мыйзамсыз форматта өтүп атат.

- Жакында эле Кыргызстан кыйноолорго каршы эл аралык факультативдик протоколго кошулбадыбы. Ага ылайык жаза өтөөчү жайлар эл аралык коомдук уюмдар үчүн ачык болууга тийиш. Ушул ачкачылык кармалган бир жума аралыгында абактагы абал менен таанышууга мүмкүнчүлүк бар беле?

- Мырза Зубовго чейин чыгып аттык, ошондо дагы айтып атышты: “барбагыла, биз өзүбүз чечип атабыз, биз өзүбүз билебиз” деп. Туура, бул күнгө чейин анча-мынча шарт берген абактарды көзөмөлдөгөнгө. Бирок ошол факультативдик протоколду койгондон кийин улуттук механизмдер бүгүнкү күнгө чейин тактала элек. Ошон үчүн биз азыр сунуш киргизип атабыз. Анткени Адилет министрлиги болобу, башка министрлик болобу өзүнүн күчү эч качан жетпейт. Ошон үчүн эл аралык, мамлекеттик эмес уюмдар түздөн-түз абактар менен иштеши керек. Анткени ал жерде аябай чоң коррупция бар жана адам укугу тепселип атат.

XS
SM
MD
LG