Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

17:39 Нарын облустук театрында театрдык “капустник” жөрөлгөсү өткөрүлдү


Мындай жаңы аталыштагы жөрөлгө Муратбек Рыскулов атындагы облустук академиялык музыкалуу драма театрында бүгүн болуп өттү. "Биз өткөн таланттарыбызды эскерели жана учурда театрда иштеп жаткандар үчүн өзүбүздү-өзүбүз куттуктайлы деп ушундай капустник өткөрүп жатабыз",- дейт театрдын директору Абдыкадыр Жакшылыков. Өнөрсекиге маркумдар Сагийпа Чечейбаева, Жумамүдүн Шералиев, Тамар Жумакаева, Керезбек Тургуналиевдин кейипкерлери чакырылып, алардын обондору жана ырдап кеткен ырлары аткарылды. Академиялык наамга ээ болгон өткөн жылдын октябрь айынан бери театрдын жамаатына 20 пайыздык кошумча төлөө жүргүзүлбөй келген. Бүгүн ошол сумма бериле баштады. Мындан сырткары башкы режиссер, хормейстр штаттары ачылып, жалпысы кызматтык бирдик 15 адамга көбөйдү. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG