Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

17:42 Ысыккөл райондук кеңешинин төрагасы кызматын өз каалоосу менен бошотуп берди


Көпчүлүк Ысыккөл райондук кеңешинин төрагасы Эшимбек Карасартовду социал-демократтар партиясына мүчө болгондуктан кызматынан алынды деген ойдо болуп атышат. Ысыккөл райондук кеңешинин төрагасы Эшимбек Карасартов парламенттик шайлоо алдында “Ак жол” партиясына эмес, Социал-демократтар партиясына өтүп кеткендигинен ага жергиликтүү бийлик кысым көрсөтүп келгени маалымдалган эле. Партиянын райондогу координаторунун жубайы жана иниси бюджеттик мекемелерде иштегендиктен аларга дагы сөз тийип атканы парламенттик трибунадан айтылган. Карасартов мындай чуулгандуу окуядан кийин эки ай ооруп жумушка чыкпай калган эле. 27-март күнү райондун сессиясы чакырылып, Эшимбек Карасартов райондук кеңештин төрагалык кызматын өз каалоосу менен бошотуп берди. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG