Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

“АТА МЕКЕН” ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУ УРААНЫН ЧАКЫРЫП БАШТАДЫ

  • Ырысбай Абдыраимов

“Ата мекен” партиясынын Жалалабат облусундагы саясий кеңеши жер-жерлерде март ыңкылабынан кийинки өлкөдөгү коомдук саясий жагдайды талкуулоону улантууда. Анын алгачкысы Ноокен районунда 27-мартта Жалалабат шаарында өткөн. Жалалабатта өткөн жыйында партиянын жана коомдук парламенттин өкүлдөрү “24-мартты майрам күн катары шашылыш кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңешти таркатып, бийликти кызматтан кетирүү” демилгесин көтөрүштү. Үй-бүлөлүк башкаруу улантылып, конституциянын алкагында президент чексиз бийлик алгандыгын сындашты. Кымбатчылыкка жана кирешелүү тармактардын жекке менчикке бериле тургандыктарына нааразылыктарын билдиришти.

“Ата мекен” партиясы менен коомдук парламенттин облустагы өкүлдөрү ыңкылаптан кийинки өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды жер-жерлерде талкуулоодо. Саясий кенештин Жалалабатта өткөн жыйынында областтык уюмдун төрага орунбасары Кадырбек Жакыпов 24-мартты жалпы эл майрамдабаганын белгилеп, ал күндү майрам күн катары жарыялаган чечимди шашылыш кабыл алган парламенттин жана аны колдогон бийликтин кызматтан кетүүсүн каалады:

- Жогорку Кеңеш таркаш керек. Себеби эл алардын мыйзамы менен эсептешкен жок. Майрам деп кабыл алды, эч ким майрамга чыккан жок. Өзүн өзү сыйлаган саясий партия, саясий күч, бийлик мындай мезгилде дароо отставкага берип кетип калат. Жогорку Кеңештин жарымынан көбүн түзгөн “Ак жол” партиясы инициатор болуп ушул мыйзамды кабыл алдырган, алардын депутаттык мандатын таштап кеткенге саясий эрки жетеби, жетпейби. Кыргызстан эми кайра Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүш керек. Бул Жогорку Кеңешке эл ишенбейт экен.

Базаркоргон районунан келген партиянын мүчөсү Олжобай Боронбаев кадр саясатын сынга алып, өлкө хандык башкарууга бараткандыгын айтты. Ун-дан, күйүүчү май, электр жарык акыларынын кымбаттагандыгына нааразы болгон “Ар-Намыс” партиясынын облустагы төрагасы Зулпукар Кадыркулов Жогорку Кеңештин эрксиз экендигин белгиледи:

- Дүйнө жүзүндө мындай Конституция жок. Конституцияны жок кылыш керек. Бул чөнтөк депутаттардын ал жерде отурушунун кереги жок.

“Ата мекен” партиясынын мүчөсү Эргеш Исаковдун эсебинде өлкөдө өзгөрүү жок, көбөйдү деген айлыкка эки кап ун келет, айыл-кыштакта жакырчылык күчтүү. Коомдук парламенттин мүчөсү Ильич Нарматовдун оюнда президенттин чексиз бийлигине жол ачкан баш мыйзамды караштыруу зарыл:

- Жада калса айыл өкмөтүнүн башчыларын дагы президент өзү жумуштан бошото турган болуп калды. Бул жерде Жогорку Кеңешке, башка бийлик бутактарына эч кандай полномочие деле калбады. Премьер-министр конституция боюнча марионетка эле болуп калды, кол коюшту билет, өз алдынча иш деле кыла албайт.

Коомдук парламенттин экинчи бир мүчөсү Жылдыз Эргешова бийликти сындагандар куугунтук тартып жаткандыгын билдирди:

- Биз Акаевдин төрт баласынан айрылсак айрылдык, бирок биз азыркы күндө семейный подряд менен башкарууга туура келип калдык. Тарыхты карап көргөндө бул ханствого гана алып кетип атат. Карапайым калк менен эч ким эсептешпей калды. Ким гана бийликке оюн ачык айтса азыркы күндө анын үстүнөн куугунтук гана жүрүп атат. Шайлоодо өздөрү мыйзамдуу түрдө бузууларга барып алып, кайрадан биздин үстүбүздөн арыз жазаганына мен өтө өкүнүчтөмүн.

Бирок анын Бакиевдин туугандары бийлеп жатат деген пикирине облбийликтин аппарат башчысы Таалайбек Энназаров макул эмес. Ал үч жыл аралыгында президенттин туугандары ишке кийлигишпей, зарыккандарга материалдык жардам көрсөтүп жаткандыгын айтты:

- Бакиевдин үй-бүлөсү элге жардам берип атат. Кечээ эле ГОВДга машине тапшырышты. Бийликке киришип атат, кадр чечип атат дегенде мен бир дагы кошулбайт элем.

“Атамекенчилердин” Жогорку Кеңешти таркатып, аны кайра шайлоо, бийликти кызматтан кетирүү демилгесин “Ак жол” партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров кубаттаган жок. Анын белгилешинче, парламентте ар бир мыйзам терең талданган соң кабыл алынууда:

- Чөнтөк депутат болуп калды деген бул Акаевдин маалымдагы депутаттардын трафаретке айланган фразасы болчу. Жогорку Кеңеш, бийлик таркатылыш керек деген талапка негиз жок, акырын болсо дагы ийгиликтер болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG