Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

ПОЕЗД МЕНЕН УНАА СҮЗҮШТҮ, КОРКУНУЧ САКТАЛУУДА


Кечээ түш оой Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган Орусияга таандык поезд менен жергиликтүү ишканага таандык КаМаЗ жүк ташуучу унаасы сүзүшүп, эки адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктан улам поезддин локомотиви менен үч вагону жолдон чыгып, 150 метрдей темир жолу жараксыз абалга келип, эки адам жаракат алды. “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасы келтирилген чыгым миллиондоп саналарын айтып жатат. Учурда атайын түзүлгөн комиссия чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзүүдө. Адистердин айтымында эгерде чукул чаралар көрүлбөсө мындай окуялар кайталанып, өлкө адамдык жоготууларга да учурашы мүмкүн.

Орусияга таандык поезд менен “Адилет” акционердик коомуна таандык КаМаЗ унаасы Бишкектин батыш ыптасында кагылышкан. Кагылышкан жер темир жолдун кайтарууга алынбаган бөлүгүндө, Киркомстромдун аймагында болуп, темир жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган унааны поезд жер менен жексен кыла тебелеп кеткен. Натыйжада локомотив менен кошо үч вагон темир жолдон чыгып кетип, КаМаЗдын айдоочусу менен биринчи вагондон бир жүргүнчү аял жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

“Кыргыз Темир Жолунан” билдиришкендей, башка олуттуу жаракат алгандар болгон жок, ал эми чыгымдар миллиондоп саналат. “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасы кырсыкка күнөөлүү КаМаЗдын айдоочусу деген маалымат таратып, келтирилген чыгымдарды кырсыктаган унаанын ээси болгон “Адилет” акционердик коому төлөйт деген ойдо турушат. Бирок айрым байкоочулар эмне себептен авто жол менен темир жолдун кесилишкен жери көзөмөлгө алынган эмес деген суроону кабыргасынан коюшуп, “Кыргыз Темир Жолунда” да күнөө бар экендигин айтышууда. “Кыргыз Темир Жолунун” маалымат катчысы Оксана Филюк бул тууралу мындай дейт:

- Чыгымдар миллиондогон сомдорду түзөт. Азыркы тапта комиссия түзүлүп, келтирилген чыгымдарды так аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул кагылышуу үчүн “Адилет” акционердик коому жооп бериши керек. Сүзүшкөн унаа ушулардыкы. Бардык документтер менен материалдар прокуратурага берилип, кылмыш иши козголот.

Бир катар адистердин айтымында мындай көзөмөлгө алынбаган участкалар темир жолунда бир топ. Ошол себептүү бул маселе жакын арада чечилбесе ушул сыяктуу кырсыктар кайталанып, өлкө адамдык жоготууга да учурашы мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев да кырсык болуп кетүү коркунучу бар деген пикирин айтат:

- Толук бойдон кырсык болуп кетүү коркунучу бар. Кырсык болгондон кийин биз ал жерге бардык, азыр биздин чалгындоо департаменти документ даярдап атат. Ошол жерди иликтеп карап чыгышкандан кийин жыйынтык сөзүбүздү айтып, поезддер өткөндө көзөмөлгө алынбаган жерлерди карагыла деп айтабыз. Менимче алар муну аткарышат.

Бул иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, тиешелүү органдар азырынча ким күнөөлүү экендигин аныктай элек болгону менен алдын ала божомолдор да айтылууда. “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасы күнөө КаМаЗдын айдоочусунда экендигин айтып жаткан чакта, алардын да күнөөсү бар экендиги айтылууда. Камчыбек Ташиев кандай болгон күндө да унаа өтчү жерди “Кыргыз Темир Жолу” көзөмөлгө алышы керек эле деген ойдо:

- Менимче кандай болгон күндө да бул жерде эң башкы күнөө “Кыргыз Темир Жолунун” жетекчилигине жүктөлүшү керек. КаМаЗ ал жерден өтүүгө укуктуу да. Андай жерде тосмо болбогондон кийин бирөө көрбөй калат, бирөө байкабай калат. Ошол себептүү андай машине өтчү жерге булар тосмо коюшу керек эле. Бул боюнча биз өзүбүздүн официалдуу катыбызда да билдиребиз.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG