Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

18:40 Бүгүн эл аралык театр күнү


Маданият министри Султан Раевдин буйругуна ылайык эл аралык театр күнү өлкө аймагындагы ар бир театрда өткөрүлдү. Буйрукта театрлардын администрациясы өздөрүнүн алдыңкы артисттерине, кызматкерлерине акчалай сыйлыктарды ыйгарып, чыгармачылык кече өткөрүү көрсөтүлгөн. Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драмалык театры бүгүн Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” чыгармасы боюнча коюлган “Чыңгызхан” спектаклин көрүүчүлөргө тартуулады. Эл артисти Замир Сооронбаевдин айтымында, мурда маданият министрлиги театр күнүнө карата республикалык фестиваль өткөрүп, республика аймагындагы театр ишмерлеринин майрамы салтанат менен өткөрүлчү. 1961-жылы Венада өткөн ЮНЕСКОнун Эл аралык театр иниститутунун IX конгрессинде 27-мартты эл аралык театр күнү катары белгилөө бекитилген. Ал эми Кыргызстанда 1962-жылдан баштап өлкө эгемендүүлүк алганга чейин театр күнү жылыга расмий белгиленип, анда улуттук театр өнөрүнүн өнүгүшүнө баа берилип, чыгармачылык жамааттын профессионалдык деңгээлин жогорулатууга мамлекет тарабынан колдоого алынып келген. (AJ)

XS
SM
MD
LG