Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

28-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Верныйдагы орус мектептер коомунун төрагасы Иван Колпаковский 1898-жылдын 28-мартында Шабдан Баатырга кат жолдогон. Чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин 2005-жылдын 28-мартында Кыргызстандын мыйзам чыгаруу тармагында «кошбийлик» кырдаал жаралды.

Верныйдагы орус мектептер коомунун төрагасы Иван Колпаковский 1898-жылдын 28-мартында Шабдан Баатырга кат жолдогон. Катта Верныйдагы орус мектептер коомунун Уставы империянын Ички иштер министрдиги тарабынан бекитилгендиги кыйытылып, анын маанисине көңүл бурулат. Мектептер коомунун төрагасы билим берүү тармагынын көйгөйүн көтөрүп, Шабдан баатырдын билимге көңүл буруп, ар дайым колдоо көрсөтүп келгенин баса белгилейт. Иван Колпаковский коомга камкордук көрсөткөн адамдар «анык» жана «ардактуу» деп эки топко бөлүнө тургандыгын маалымдайт. Каттын соңунда ал Шабдан Баатырдан мектептер коомуна кайрымдуулук ирээтинде жардам көрсөтүүсүн өтүнгөн.

Пржевальск уездине караштуу Преображенское айлында 1916-жылдын 28-март күнү бийликке каршы козголоң башталды. Кыймылга жалаң адамзаттын ажайып бөлүгү катышкандыктан ага «аялдар козголоңу» деген аталыш ыйгарылган. Согуш айынан жаралган каатчылык жана базар баасынын опсуз кымбатташына нааразы болгон айымдар базардагы дүкөндөрдү талкалап оокат-ашты талап алышкан. Бийлик козголоңду ырайымсыз басып, тартип бузууга катышкан 300 чамалуу айымдын жетимиштейин камакка алган.

Кара-Кыргыз автономиялык областтык Биринчи Уюштуруу курултайында айыл чарба кооперацияларын уюштуруу жана анын ишин жандандыруу маселесине айрыкча көңүл бурулду. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн көрүнүктүү өкүлү эсептелген Абдыкерим Сыдыков 1925-жылдын 28-март күнү, С. Чукин жана Г. Г. Гросстун баяндамалары боюнча жарыш сөзгө чыкты. Баяндамачы Кыргызстанда кооперация иши жаңыдан башталгандыгын жана жаңы саамалык айрым аймактарда колдоого алынбай жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкаары, А. Сыдыков кооперацияны өнүктүрүш үчүн Айылчарба банктарынын ишин өркүндөтүү зарылчылыгына көңүл бурду.

Чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин 2005-жылдын 28-мартында Кыргызстандын мыйзам чыгаруу тармагында «кошбийлик» кырдаал жаралды. Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган Жогорку Кеңештин ыйгарым бийлик укугун тааныган соң, мурдагы кош палаталуу парламент автоматтык түрдө мыйзам мейкиндигинен чыгарылган. Бирок буга чейин жаңы шайланган депутаттар Жогорку сотто катталбаганына байланыштуу, өткөн чакыруудагы жана жаңы шайланган парламент экөө тең бирдей укукта ишке киришти.

Жогорку Кеңеш имаратында 1917-жылкы Смольный сымал, эртең менен бир парламент, андан кийин экинчиси, түштөн соң Элөкүлдөр палатасы чогулуп, жыйын өткөрүлүп атты.

Чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Текебаевдин саясий жылдызы жанып, 2005-жылдын 28-март күнү Жогорку Кеңеш төрагалыгына шайланды. Өмүрбек Текебаевдин бир жыл чамалуу спикерлик кызматы анын такшалган саясатчы катары калыптанышына, кеңири коомчулукка таанылышына жана Кыргызстандагы кыйчалыш саясий кырдаалда Жогорку Кеңештин турукташып, уюмдашышына салым кошту.
XS
SM
MD
LG