Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

ТАЖИК АТУУЛДАРЫ КЫРГЫЗСТАН АЙМАГЫНДА ЧАТАК САЛЫШТЫ


Жаз келип Баткендеги жер-суу чатактары кайрадан жандана баштады. Кезектеги чыр тажик атуулдары тарабынан болуп, алар Баткендин Аксай айыл өкмөтүнүн аймагында суу чатагын уюштурушту. Жаңжал Кыргызстан тараптан агып барган суунун токтотулушунан чыкты. Муну Баткен жетекчилиги суу чарба башкармалыктын катасы катары белгилөөдө. Ал эми кыргыз чегарачылары бул окуяны элдердин мыйзам сабатсыздыгы менен түшүндүрүүдө.

26-март күнү болгон окуя, Баткендин Аксай айылында орун алып, жаңжалдын негизин Тажикстанга агып жаткан сугат сууну кыргыз тараптын токтотуп коюшунан чыкты. Жазгы талаа жумуштары Кыргызстандан алда канча эрте башталган тажикстандыктар суунун токтотулганына нараазылык билгизип, Ворух жана Хачаило айылдарынын 200дөй тургундары Аксай айылындагы каналдын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан жерге, сууну токтоосуздан берүү талаптарын коюп келишкен. Окуя болгон жерге кыргыз тараптан Баткен районун акими Дастан Ходжаев, чегара зардалы Саитжан Эратовдор, ал эми тажик тараптан Исфара районунун төрайымы Махбуба Якубова баш болгон жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барышкан. Бул нараазычылыкты болтурбай коюуга болот эле, болгону тажикстандыктарга оңдоп-түзөө иштери тууралуу маалымат жетпей калган дейт Баткен район акими Дастан Ходажаев:

- Алардын негизги талабы, эмне үчүн Матсаи каналына суу түшпөй калганы боюнча болуптур. Биз түшүндүрмө иштерин жүргүздүк. Себеби оңдоо иштерди боюнча бир күнгө сууну биздин подрядчиктер токтоткон экен. Бирок канайдыр бир себептер менен бул маалымат тажик өкүлдөрүнө жетпей калган. Анан алар келишкен экен. Бүгүн эртең менен Исфара районунун акими менен кайрдан эки саатка жакын жолугушуу болду. Бардык долбоор боюнча талкуулар жүргүзүлүп, азыркы күндө маселе чечилүүнүн алдында турат, - деди Баткен районунун акими Дастан Ходажев.

Кыргыз куруучулар тобу менен тажик атуулдарынын ортосундагы мушташты болтурбоого ошол аймакта орун алган Капчыгай чегара заставасынын аскерлери аракет кылышкан. Алар ок чыгарууга даяр экенин билдиргенден кийин тажик атуулдары өз аймагына чегинишкен. Кыргыз аймагына ээн эркин кирип, өз талаптарын коюу мыйзамсыз көрүнүш дейт Баткендеги чегара зардалы Саитжан Эратов:

- Кичине бир нерсе болсо элди көтөрүп, түшүнбөстүккө кетип ушундай иштер болуп атат. Биздин чегарачылар мыйзам түрүндө өзүнүн ишин көрсөттү, ал жерде эч кандай жаракат алгандар, ок чыгаруу болгон жок. Нападениеге попытка болду. Бирок ага жетишкен жок, анткени коргоп жүргөн чегарачылар убагында мыйзам түрүндө куралын октогонго жетишти. Ал жаңжал ордунда жайкалды, - дейт Баткендеги № 2022 чегара отрядынын зардалы Саитжан Эратов.

26-марттан баштап Баткендин Аксай жана Актатыр айыл өкмөттөрүнүн аймагында чегарачылар менен ички иштер кызматкерлери күчөтүлгөн абалга өттү.
Ал эми 27-марттагы Баткен жана Исфара райондорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин, Аксай айылындагы суу каналында курулуш иштери убактынча токтотулуп, тажик айылдарына суу берилди.

XS
SM
MD
LG