Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

ИРАК: АС-САДРЧЫЛАР ПРЕМЬЕР-МИНИСТРГЕ КАРШЫ КОЗГОЛДУ


Ирактын коопсуздук күчтөрү үч күндөн бери өлкө түштүгүндөгү Басра шаарында шиит согушчандарына каршы согушууда. Премьер-министр Нури ал-Малики согушчандарды, анын ичинде Мехди армиясын 28- мартка чейин курал жарагын тапшырып берүүгө чакырып, болбосо аларга каршы катаал чара көрүлө турганын эскерткен. Басрадагы чабуулга нааразы болгон радикал шиит имамы Муктада ас- Садрдын он миңдеген тарапкерлери бейшемби күнү Багдадда көчө жүрүшүн өткөрүп, ал- Маликинин кызматтан кетүүгө чакырды. Курч кырдаалга байланыштуу бейшембининкечинен тартып жекшембинин таңына чейин Багдадда коменданттык саат киргизилди.

Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн Басрада өкмөттүк бийликти орнотуу аракети радикал шиит диниятчысы ас-Садрдын тарапкерлеринин катуу нааразычылыгын жаратты. Бейшемби күнү Багдаддын ныптасындагы Садр шаарынан чыккан он миңдеген өлкө байтактына жүрүш жасап, АКШ колдогон ал- Маликинин премьер- министрликтен кетүүсүн талап кылышты.

Миңдеген адамдар катышкан нааразылык чарасы Ирактын түндүгүндөгү Кадымия жана Шула аймактарында да өттү.

АКШ президенти Жорж Буш ал- Маликинин Басраны шиит козголоңчуларына, анын ичинде ас- Садрга ишенимдүү Мехди армиясынын согушчандарынан бошотуу аракетин «позитивдүү кадам» деп колдоду:

-Ирактын коопсуздук күчтөрү Басрада согушчандарга жана кылмышкерлерге каршы кырчылдашып согушууда. Алардын көбү Ирандан каруу жарак жана каржы алат, машыгуудан өтүшөт. Премьер- министр ал- Маликинин Басрадагы мыйзамсыз топтор менен күрөшүү жөнүндөгү батыл чечими, анын адилеттүү жолдор менен тартип орнотууга умтулган чыныгы лидер экенин күбөлөйт.

Басрада үч күндөн бери ал- Маликинин жетеги астында жүрүп жаткан айкашта эки тараптан тең жоготуулар бар экени, шаарда азык түлүк жана суу тартыш болуп жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Ирактык жана АКШлык күчтөр түштүктүн Кут шаарында да шиит согушчандарына каршы чабуул койууда. Бул жердеги салгылашууда кеминде 44 кишинин каны төгүлгөнү айтылат. Хилла шаарында да катуу айкаш жүрүүдө.

Президент Буш бейшемби күнү Дейтондо сүйлөгөн сөзүндө айткандай, шиит согушчандарына каршы операция качан аяктары азырынча белгисиз:

-Бул операция бүткөнчө бир топ убакыт кетет. Душман телеэкрандарды зобун- зордуктар менен толтурууга аракет кылат. Бирок, анын бирден бир натыйжасы мындай болот: Ирактагы террорчулар менен экстремисттер эркин жана демократиялык коомдо алар үчүн орун жок экенин билишет.

Басрадагы операциясынын эпкини Ирактан мунай өнөр жайына, ошондой эле эларалык базардагы мунайдын наркына да тийди. Ирактын Түштүк мунай компаниясы Басрага жакын жердеги эки негизги мунай боронун бирин касташкан тараптар жардырып кеткенин, боро чукул арада оңдолорун билдирди. Бул чабуул жөнүндөгү кабардан кийин, Ройтерс агенттигинин маалымдашынча, АКШда мунайдын наркы 1 долларга кымбаттаган.

XS
SM
MD
LG