Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:04

10:00 ДОС (Демократиялык ордо союз) элге кайрылуу жолдоду


Бирикменин башчысы Алик Орозов 27-мартта кыргыз элине кайрылуу таратып, өлкөдө жаратылыш байлыктары таланып-тонолуп жатканын, мамлекеттик чегарага коңшулардын жылып кириши, үйбүлөлүк-кландык башкаруунун күч алышы белгиленип, кыргыз элин улуттун уңгусун, мамлекеттүүлүктү сактап калууга, биригүүгө чакырган.
-Кайрылуунун негизги максаты өлкөдөгү жашоону оңдоо максатында болду.Учурда “баткакка” белчебизден малынып турабыз. “Саздан” чыгуу керек. Азыр социалдык-экономикалык, саясий абал өтө оор болуп турат, - деди коопсуздук катчысынын мурдагы орун басары Алик Орозов. Демократиялык ордо союзу шейшембиде түзүлгөн. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG