Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

12:40 “Де-факто” менен “Алиби” гезитине байланыштуу сот иши улантылды


Биринчи май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаеванын төрагалыгында өткөн бүгүнкү отурумда “Алиби” гезити Асылбек Салиевдин машинеси менен койдурулуп көз жумган Акбар Молдокуловдун эжеси Бегай Молдокулованы да кийнки сот отурумуна катыштырууну өтүндү. “Де-факто” гезитинин редактору болсо президенттин бир тууган иниси Жаныбек Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин автокырсыкка тиешеси бар деген макаланы “Алибиге” таянып жазылганын билдирди. Асылбек Салиевдин славян улутундагы эки адвокаты “Алиби” гезитинде “автокырсыкка байланыштуу окуядан кийин Салиев аскерге кетип калган”, деген маалыматты төгүнгө чыгарышты. Бул макалалар кыргыз тилиндеги гезитте басылгандыктан соттук териштирүү кыргыз тилинде өтсүн деген гезит өкүлдөрнүн сунушу канааттандырылган жок. Соттук териштирүү 7-апрелде улантыла турган болду. Киши өлүмүнө алып келген автокырсыкка тиешеси бардыгын жазган «Де факто» жана «Алиби» гезиттерин Асылбек Салиев буга чейин сотко берип, редакциялардан 1 миллион сомдон, макаланын авторлорунан 500 миң сомдон өндүрүп берүүнү талап кылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG