Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Аш көп болсо каада көп демекчи, мунайга бай Азербайжан 2016-жылдагы жайкы олимпииада оюндарына азыртадан эле миллиондогон долларды коротууда. Бирок өлкө бул оюнду өткөрүү укугун али ала элек, бул боюнча чечим келерки жылы гана кабыл алынат. Анын аралыгында жнөкөй киши кире албаган, кымбат курулуштар жергиликтүү тургундарды нааразы кылууда. Андай спорт комплекстеринин бири жайгашкан өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Масали шаарында Азаттыктын кабарчысы болуп кайткан эле.

Масалинин спорт сарайына кирсеңиз, тымтырстык өкүм сүрөт, бир гана залда Эмин Алиев таш түртүп, машыгып жатат.

-Алиев бул жайда машыгуу үчүн айына 25 манат төлөйт, бул 30 доллар, же орточо айлыктын ондон бирине барабар. Ал ошондой эле Масалиден бери такси жалдап, кээде жөө чуркап келет, себеби спорт комплекси шаардын борборунан бир нече километр аралыкта жайгашкан. Бул жакка автобус да каттабайт.

20 миллион доллар сарпталган жаңы спорт сарайы Бакы өкмөтү курдурган 13 жаңы комплекстин бири гана. 2016-жылы Олимпиада оюндарын өткөрүү укугун жеңип алуу максатында, учурда дагы 23 жай курулуп жатат.

Азербайжандын президенти Илхим Алиев ал тургай атайын олимпиада ырын да чыгартып койгон.

Азербайжанда спорт оюндары каада күтүүнүн жана пайда табуунун булагы деп саналгандыктан, аларды өлкөнүн атка минерлери өз колунда кармап турат. Алиев өзү президент болгончокту, өлкөнүн Олимпиада комитетин башкарган. Анын аялы Мехрибан Алиева улуттук гимнастика биримдигин жетектейт. Мамлекеттик Мунай ишканасы СОКАРдын президенти Ровнаг Абдуллаев Азербайжандын футбол федерациясынын чоңу. Ал эми чукул кырдаал министри Камалладин Хейдаров улуттук тайквандо ассоцияциясын көзөмөлдөйт.

Бирок карапайым азерилердин көбү жогору жактагылардын олимпиадалык кыялдарын анча түшүнө бербейт. Анткени өлкөнүн мунай байлыгы аларды марытып жиберген жок. Масалидеги чайханада чай ичип отургандардын бирине кулак салсак:

– Масалиде элдин маанайы пас. Биз спортту ойлобойбуз. Биз машыгууну ойлойт деп ойлойсузбу? Бассейн куруп коюшса, бизддн балдар түшүп, жыргабайт беле? Бул комплекске кириш үчүн акы төлөш керек. Балдарымды ал жакка жиберишке менде андай акча кайдан? Аны канча миллионго курушканы мени кызыктырбайт.

Комплексте бассейн бар, бирок келген киши жок болгондуктан, суу куюлбай, кургап турат. Ал эми гандбол аянтын ачылганына бир жыл боло электе, ремонтко деп жаап коюшкан. Шахмат залынын төбөсү жарылып кеткен.

Масалидеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Олимпиада оюндарына деп салынган бул курулуштарды баштан-аяк борбордон көзөмөлдөшөт, ага канча каражат сарпталганы да толук ачыкка чыгарылбайт.

Масали комплексине 20 миллион доллар же 17 миллион манат сарпталышы жергиликтүү кабарчы Захид Эменов сыяктуу тургундарды кыйла нааразы кылды:

- Масалиде 35 оодан бар, 17 миллион манатты 35 ооданга бөлүп койсо, ар бири 500 миң манаттан алса, өздөрүнүн спорт жайларына жумшабайт беле.

Мурдагы коммунисттик өлкөлөрүндүн көбүндөгүдөй эле, Азербайжанда карапайым адамдардын спорт менен машыгып, саламаттыгын чыңдашына аз көңүл бурулуп, дүйнөлүк деңгээлдеги саналуу спорт чеберлерин даярдоого күргүштөп каражат жумшалат. Анын аралыгында, өлкөдө семиздик жана диабет сыяктуу оорулар көбөйүп баратат.

Элмира Акундова азери парламентинин Масали дубанынан шайланган депутаты. Ал парламенттин социалдык саясат комитетине мүчө:

– Элестетип көрсөңөр. Менин чөлкөмүмдө 40 мектеп бар, алардын ичинен 25-30унда спорт залы жок, бар болсо да бүт талкаланган. Мен үч жылдан бери депутатмын, бул мектептерде болуп, төбө чачым тик тирду. Балдардын футбол тээп, волейбол ойногонго жада калса тобу да, торуда жок.

Бирок Бакыда бийликтердин көңүлү келерки жылы 2-октябрда өтө турган эл аралык Олимпияда комитетинин жыйынында болуп жатат. Анда 2016-жылдагы жайкы оюндар кайсы шаарда өтөөрү жарыяланмакчы. Тизмеде Бакыдан тышкары, алты атаандаш шаар Мадрид, Прага, Доха, Рио де Женейро, Чикаго жана Токио бар.


Жаңыл Жусубжан
XS
SM
MD
LG