Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН БИЙЛИКТИН МАМЛЕКЕТ КЕЛЕЧЕГИНЕ ЖООПКЕРЧИЛИГИ КАНДАЙ?


“Ата Мекен” партиясы бейшемби күнү Ички иштер министрлигинин “Динамо” спорттук комплексинде белгисиз адамдардын тобу аскерий машыгуу өткөрүп жатат деген билдирүү таратып, өлкө калкын кыраакылыкка чакырды. Партия ошондой эле ал топ кандай максат менен эмне үчүн машыктырылып жаткандыгын ачыктоо үчүн ички иштер министри жарандык коом өкүлдөрү менен ал жерге барып маалымат берүүсүн талап кылды.

“Ата Мекен” партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун маалыматы боюнча, билдирүү таратууга Ички иштер министрлигинде иштеген партияга ишенимдүү адамдардын жашыруун маалыматы түрткү берип, мамлекеттин коопсуздугуна тынчсыздануудан улам таратылды:

-Башка улуттагы адамдар келип, ок атуунун ыкмаларын үйрөнүп жатат деген маалыматтар бизге түшүп жатат. Анан ал маалыматка карата бир чара көрүшүбүз керек болуп, маалымат каражаттары менен элге кайрылдык. Себеби бизде да кооптонуу бар. Ички иштер министрлиги андай окуя болгон жок дей турган болсо эл аралык уюмдар менен журналисттерди алып барып көрсөтүшсүн.

Ички иштер министрлиги болсо билдирүү негизсиз деп дароо четке кагып, аны министрликтин кадыр-беделине шек келтире турган билдирүү деп баалады. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов ал тууралуу мындай дейт:

-Бул эч кандай чындыкка сыйбаган окуя. Биринчиден, бул министрликтин кадыр-баркына гана эмес ошол “Ата Мекен” партиясынын өзүнүн кадыр-баркына да шек келтирген билдирүү деп эсептейбиз. Азыркы учурда ошол “Динамо” комплексинде Бишкек шаарынын Ленин районунун биринчилиги үчүн Бишкек шаарынын жана Чүй облусунда 1994-95-жылы туулган өспүрүмдөр арасында самбо күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат.

Ал эми “Ар Намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев “Ата Мекен” партиясынын билдирүүсүнө негиз бар экендигине шек жок деген ишенимде:

-Андай машыгуулар болушу мүмкүн. Аны биз өзүбүздүн тажрыйбабыздан улам айта алабыз. Өткөн жылы ошондой машыгуулардан өткөн адамдар 19-апрелде тынч митингди мыйзам чегинде өткөрүп жаткан адамдарга каршы жиберилген болчу. Апрелде жөө жүрүш болуп жатканда ошол балдар келип мушташтарды уюштуруп, тоноп, сабашкан. Азыр бир гана “Динамо” стадионунда эмес "Каражыгач" эс алуу жайында да жүргүзүлүп жатат. Аны көргөн адамдар келип айтып жатышат. Андан башка региондордо да аз-аздан жүргүзүлүп жатат,- деген Эмил Алиев атайын топторду машыктырууга кимдер жана эмне үчүн кыздар экендигин төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Башкы максат - эл өз нааразылыгын билдирели десе аларга каршы жиберүү. Бул жерде машыгууну бир гана Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат дегенден мен алысмын. Себеби аны министрлик уюштурбайт. Аны Кыргызстандын бийлигинде турбаган, бирок чыныгы бийлик ошолордун колунда болгон адамдар уюштуруп жатат.

Анткен менен оппозициячыл күчтөр менен бийликтин ортосундагы карама-каршылык баалар кымбаттап, элдин маанайы чөгүп турган маалда мамлекеттин коопсуздугу менен келечегине кесепетин тийгизиши толук мүмкүн деген кооптонуу коомдо күч. Анткени март ыңкылабы учурунда элди дүрбөлөңгө салган ак шапкечендер, 2006-2007-жылдардагы митингдерде чуу чыгарган жигиттердин жоруктары элдин жүрөгүнүн үшүн алганы буга жакшы себеп.

Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева ушундан улам өлкөдө катуу карама-каршылыкты жандырбаш үчүн эки тарап тең жоопкерчиликтүү болуусу зарыл деп тынчсызданат:

-Азыркы кырдаалда ар бир билдирүү жана ар бир кыймылга жоопкерчиликтүү болуш керек. Эртең мамлекетте өрт башталып кетсе ким жооп берет? Ушундай эле көрүнүштөр өрт чыгып кеткенге жол бериши мүмкүн.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлөкан Исмаилова болсо жарандык коом маалыматтын чын-төгүнүнө жетүү үчүн аны териштирип, жыйынтыгын коомго маалымдоого аракет көрө баштагандыгын билдирди:

- Биз сөзсүз түрдө ошол “Динамо” болобу же башка жагдайлар болобу көзөмөлдөп туруп, коомчулукка айтабыз. Талап кылабыз. Анткени андай окуяларды революцияга чейин да, ыңкылап убагында да көргөнбүз. Мыйзамдуу мамлекет болгондон кийин бардык аракеттер мыйзам чегинде болуш керек.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов жашыруун машыгуу тууралуу бардык маалыматтар териштирилгенден кийин аны тараткан тараптарга каршы сотко доо арыз берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG