Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

18:58 Жалалабат губернатору журналисттерди калыс жана так болууга чакырды


28-мартта Жалалабатта областтык губернатор Кошбай Масиров журналисттер менен жолугушту. Губернатор маалымат алууга тоскоолдук жоктугун белгилеп, журналисттерди калыс жана так болууга чакырды. Анын айтымында, 3 мектеп окуучусу ууланган Майлуусуудагы окуя тууралуу айрым маалымат каражаттары 150 бала ууланды деп жарыялашкан. Аталган шаардан чыккан электр шамдарына Иран, Украина, Орусия өлкөлөрүндө талап күчтүү, бирок жумушчулардын айлыгы эмнеге кечиккенин изилдөө керек. 1 миллион 200 миң электр шам чыгарган заводдо ноябрь, декабрь айлыгы берилди. 40-50 тонна запасы бар Алабука районунда күзүндө алтын кен комбинатынын курулушу аяктайт. Кремний чыгарчу Ташкөмүрдөгү ишканада даяр 7 мештин санын 14кө жеткиргенде ал завод иштей алат. Суусу азайып кеткен Токтогул ГЭСинен чыккан электр жарыгын башка өлкөлөргө сатуу токтотулат жана кышка камдануу үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турат, деп билдирди губернатор. Майлуусуудагы электр шамдарын чыгаруучу зааводдун бөлүм башчысы Рустам Абдувалиевдин айтымында, декабрдын айлык маянасы жыйноо цехинен башка жумушчуларга төлөнө элек. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG