Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

19:00 Жарандарды коркутуп акча алган деген коопсуздук кызматкерлеринин иши сотко өттү


Февраль айында облустун Алабука районунда болгон окуяга байланыштуу улуттук коопсуздук кызматынын үч кызматкерине кылмыш иши ачылган болчу. Аскер прокуратурасы жакында ишти тергеп бүтүп, аны Ош шаардык гарнизондук аскер сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу улуттук коопсуздук кызматынын Жалалабат облустук башкармасынын башчысы Равшан Балтабаев 28-мартта “Азаттыктын” суроосуна жооп катары билдирди. Анын айтымында тергөө үстүртөн жүргөндүгүн жооптуу болгон кызматкерлердин адвокаты билдирген. Эске сала кетчү жагдай, өткөн айда Алабука районунан эки тургун түнкүсүн үйлөрүнө чүмбөт жамынган үч киши кирип, өздөрүн облустук СНБдан болоорун айтышканын жана тапанча менен коркутуу аркылуу 2,6 миллион өзбек сомун алып кетишкендигин ички иштер бөлүмүнө кабарлашкан. Кайрылуудан соң үч адам убактылуу камалган. (YA)

XS
SM
MD
LG