Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан-чачын болот


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 29-мартта Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым аймактарда жаан-чачын болот. Тоолорго кар түшөт. Түндүк-чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +15...+20 градус.
Талас дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +13...+18 градус болот.
Баткен аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24 градус.
Жалалабат, Ош облсутарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25 градус.
Ысыккөл аймагында түнкүсүн -4...+1, күндүз +11...+16 градус болот.
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +9...+14 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +18...+20 градус.

XS
SM
MD
LG