Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Кыргызстандын түштүгүндөгү буга чейин топтолгон чиеш маселелерди чечүүнүн бир аргасы катары айрым саясий күчтөр борборду Ошко көчүрүү зарылдыгын белгилешүүдө. Алардын пикиринде, алдагыдай батыл аракет жасалса экономикалык оор кыйынчылыктардын туткунунда калган аймакты таштап көчүп кетүүлөр токтолуп, өлкө бүтүндүгү сакталмакчы. Анткен менен өлкө түштүгүндөгү чиеш маселелер борбордун көчүрүлүшү менен эле чечилип калышына ишенбегендер деле көп.

Казакстан борборун Алматыдан Астанага көчүрүү идеясы мындан 10 жыл илгери ишке ашып, ушу тапта жаңы башкалаа мааракесин өткөрүү камылгасын көрүүдө. Кыргызстан борборун Ошко (Osh) көчүрүү маселеси да кез-кезде козголуп, азырынча айрым өкмөт мекемелер гана орун которушууда.

“Арнамыс” партиясынын төрагасы Ф.Кулов министрлер кабинетинде өлкөнүн түштүк аймагынын маселелери боюнча өкмөт башчынын орунбасары кызматын ачуу сунушун билдирип, айрым министрлик менен ведомстуктарды Ош шаарына жайгаштыруу зарылдыгын белгиледи.

Саясат таануучу Нур Омаров экономикалык оор жагдайларга кириптер болгон Кыргызстандын түштүгүндөгү чек ара жанындагы айылдардан көчүп кетүүлөрдүн саны арбып, бош үйлөр менен жерлерди коңшулаш Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары ээлеп, опуртал жагдай түзүлгөнүн белгилейт.

- Бул бир жагынан Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудурууда. Ошондой эле кыргыз жарандарынын көпчүлүгү өлкөнүн түндүк тарабына көчүп, чек ара боюндагы бош калган жерлерди өзбек, тажик атуулдары ээлеп калышууда.

Бул жагдай, экономикалык абалы начар аймактан башка жерлерге көчүү мыйзамченемдүү көрүнүш.

Коомдук парламенттин төрагасы А.Эркебаев (A. Erkebaev) борборду өлкөнүн түштүгүнө көчүрүү менен эле толгон-токой проблемаларды чечиш мүмкүн эмес дейт.

- Түштүктө жанагындай абалды оңдош үчүн, миграцияны оңдош үчүн биринчи иретте, колдон келсе жумушчу орундарын, өнөр жайын, чакан, орто бизнес болобу, ошол жакка жайгаштырыш керек. Баягы ар кандай маселенин себебин жок кылыш керек да. Эмне себептен болуп жатканын билиш керек. Борборду которгондун ордуна ошончо акчаң болсо элдин турмушун оңдош керек. Мен ага каршымын. Азыр Кыргызстандын ага күчү жетпейт. Каржы жагынан да, геосаясий жактан да. Айталык, мына Ош Өзбекстан менен чекаранын жанында. Оштон Араванды көздөй жөнөгөндө 5 чакырымдан кийин эле чек ара. Ошол жерде борбор болушун каалайсыңарбы?

Экономикалык чабал өлкө үчүн борборду Ошко көчүрүүнүн эч кандай зарылдыгы жок экенин Ош облусунун мурдагы губернатору Накен Касиев (Naken Kasiev) да ырастады.

Анын маалымдашынча, азыркы бийликтин мажирөөлүгүнөн Карасуу менен Анжиян ортосундагы чек ара, Кемпирабат суу сактагычынын маселеси чечиле элек.

- Чек арадагы проблемалар деп борборду бир жерден экинчи жерге которуштун эч негизи жок деп эсептейм. Бирок кээ бир министрликтин, мына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчүп барганы туура болду.

Саясий партиялар парламентинин төрайымы Роза Акназарова борборду көчүрүү маселесин атайын комиссия түзүп, кылдат иликтеп көрүү керек деген пикирде.

- Мен буга каршы болбойт элем да. Негизи бул жерде саясий жактан да көптөгөн оюндар бар. Аны да карап көрүш керек. Ал оюндар бир эле Кыргызстандын ичинде эмес. Сырткы жакта кандай оюндар болуп жатат бүгүнкү күндө. Ал бизге кандай пайда-зыян алып келерин ойлош керек. Бул иштин дурусу менен бурушу бар. Алардын жакшылап талдап көрүш керек.

Эгемен Кыргызстанды тооруп алган экономикалык оорчулук өлкөнүн бүтүндүгүнө коркунуч келтире баштаганын байкоочулар көптөн бери эле айтып келатышат.

Тек ал маселеге бийлик тарабынан олуттуу көңүл бурулбай, алдыда тооруган коркунучтан алдын-алуу аракети жасалбай жатканы деле жашыруун эмес.

Жакындан бери өкмөттө аймактарды өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу сунушу айтылып, бирок аны ишке ашыруунун жолдору белгилене элек.

Ошондон борборду көчүрүү идеясын кээ бир аналитиктер кезектеги саясий оюндардын бири таризинде сыпатташат.
XS
SM
MD
LG